БРИКСке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ички соода көлөмү 1 триллион долларга жетти. Бул тууралуу РФ президентинин чет өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү, Россиянын Түз инвестициялар фондунун (РФТИФ) башчысы Кирилл Дмитриев билдирди.
«Бул көрсөткүч – жаңы дүйнөлүк экономикалык архитектураны түзүүдөгү БРИКС биримдигинин ролу өсүп, экономикалык байланышы чыңдалып жатканынын далили. Биз Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасына ылайык, БРИКСтин Ишкер кеңеши аркылуу бизнес байланыштарды бекемдөөнү улантабыз», — деп жазды Дмитриев өзүнүн Telegram-каналында.
БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет. 2023-жылдын август айында Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өткөн саммитте уюм Сауд Аравиясы, Аргентина, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Египет жана Эфиопияны жаңы катышуучу-өлкөлөр катары кошулууга чакырган.
2024-жылдын башынан тарта, Аргентинаны кошпогондо, калган беш мамлекет толук кандуу мүчө болуп кирип, БРИКС өлкөлөрүнүн саны онго жетти.
Мындан тышкары, 2024-жылдын октябрында Татарстандын борбору Казань шаарында өткөн саммитте Беларусту, Боливияны, Казакстанды, Кубаны, Малайзияны, Нигерияны, Таиландды, Уганданы жана Өзбекстанды «өнөктөш өлкөлөр» макамы менен БРИКСке кошуу чечими кабыл алынган.
Ал эми Түркия менен Алжирге уюмга «байкочу өлкөлөр» катары кызматташуу сунушталган.


















