Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кечээ КР Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуу учурунда бул өлкөнүн компаниялары кыргыз жергесинде “мыйзамсыз, жада калса талоончулук” аракеттерине туш болуп жатканын белгилеп, “административдин басымды” токтотууну талап кылды. Мишустин өз сөзүндө “ак ниеттүү, ошондой эле ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирген компаниялар Кыргызстандын жогорку даражадагы мамлекеттик органдарынын кысымына кабылып жатканын” белгилеген.
Сөз “Яндекс Такси” компаниясы жөнүндө болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Бул глобалдык компаниянын артында Орусиянын таасирдүү адамдары турганы, дал ошолорго таянып алып, Кыргызстанда эч кандай тоскоолдуксуз иштеп, рынокту монополдоштуруп алганын билебиз. “Яндекс Такси” кызматынын ишмердүүлүгүнөн ай сайын жүз миллииондогон сомдор түшөт, бирок, андан бир сом дагы кыргыз жергесинде калбай, толугу менен сырттагы кожоюндарды байытып жатат. Буга байланыштуу, Кыргызстандын бийлигинин “Яндекс Таксиге” карата мыйзамдарды сыйлап, башка бардык эле ак ниеттүү чет өлкөлүк компаниялар сыяктуу салык төлөп иштөө багытында койгон талабы эң туура! Мындан тышкары, “Яндекс Таксинин” баа саясаты элдин жонун кайыш менен тилип алып жатканы дагы текшерүүлөр учурунда белгиленген.
Сен кайсы өлкөнүн ичинде иштеп жатсаң, андагы мыйзамдарды кыйшаюусуз сактоого милдеттүүсүң! Ошондо сага суроо жаралбайт. “Яндекс Таксинин” баа саясаты элдин нааразычылыгын көп жылдан бери жаратып келген. Бирок, мурунку бийликтер учурунда, ЖК депутаттары, карапайым калк канча безилдесе да, унчуга алышкан эмес. Орус бийлиги менен мамилени бузуп алуудан коркушкан. Бүгүнкү бийлик болсо адилеттүү талап коюп жатат. Ошентсе да, орус бийлигинин ультимативдүү түрдө биздин ички ишибизге кийлигишип, командалык түр менен буйрук берип жатканы жосунсуз жорук! Бир жагынан Батыш орус компанияларына карата коюлган санкцияларды сактоону талап кылып жатса, РФ бийлиги компанияларына карата жок дегенде “иштеген жериңде мыйзамды сыйла!” деп айтса жарашмак.
Баса, маалымат катары айтсак, “Яндекс Такси” РФда кадимкидей эле мыйзамды сыйлап жашоого аргасыз. Мисалы, 1-февралдан баштап аларга карата салыктын жаңы түрү кирди. Компания эми иштеп жаткан айдоочулар үчүн салык төлөй баштайт. Айдоочулардан кармап калышат да, казынага төгүшөт. А бизде тапкан кирешеден салып төлөгөндөн канча жылдан бери качып жүрүшөт. Ошондо Мишустиндин талабы туурабы?
(P.S. Макала Индира Сулайманованын ФБ барагынан алынды жана редакциянын көз карашын билдирбейт).


















