Испаниялык “Реал Мадрид” клубунун оюнчулары Алматы шаарына келди. Учак түн ичинде аэропортко конгондо аларды улуттук казак кийимдерин кийген музыканттар салтанаттуу тосуп алып, салттуу аспаптарда Чемпиондор лигасынын гимнин аткарышты.
Казакстандык inform.kz сайты жазгандай, команда жайгашкан мейманкананын алдына таң эртең менен миңдеген күйөрмандар чогулуп, испан клубунун желектерин көтөрүп, оюнчулардын аттарын кыйкырып турушту. Көпчүлүк алар менен сүрөткө түшүүгө аракет кылып, кол тамга сурашты.
“Кайрат” менен “Реал Мадриддин” беттеши 30-сентябрда, Кыргызстандын сааты боюнча 22:45те, Алматыдагы Борбордук стадиондо өтөт. “Азия плюс” жазгандай, бул оюндун жүрүшүн көрүү үчүн Испаниядан миңдей күйөрман келери күтүлүүдө.
Sports.kz сайты жарыялагандай, мадриддик клуб Алматыга 22 оюнчусун алып келди. Алардын арасында дарбазачылар Тибо Куртуа, Андрей Лунин, Хави Наварро, коргогучтар Давид Алаба, Рауль Асенсио, Альваро Каррерас, Фран Гарсия, Дин Хейсен, Давид Хименес бар. Жарым коргогучтардан Джуд Беллингем, Эдуарду Камавинга, Федерико Вальверде, Орельен Чуамени, Арда Гюлер, Дани Себальос келсе, чабуулду Винисиус Жуниор, Килиан Мбаппе, Родриго, Эндрик, Браим Диас жана жаш чабуулчу Франко Мастантуоно күчөтөт.
Жергиликтүү маалымат булактарында жарыялангандай, “Реал Мадрид” бул оюнга катуу даярдык менен келген. Бирок клуб жакында эле мадриддик дербиде “Атлетико” командасына 5:2 эсебинде утулуп, айрым оюнчулар майда жаракат алып калышкан. Ошентсе да команданын машыктыруучулары курамдагы негизги оюнчулар беттешке чыгарын маалымдашты.
Ал эле Казакстандын “Кайрат” клубу бул сезондо тарыхый ийгилик жаратып, Чемпиондор лигасынын топтук баскычына жолдомо алган алгачкы казак командасы болуп калды. Күйөрмандар стадиондо тарыхый оюнга күбө болорун белгилешүүдө. Беттешке болгон кызыгуу абдан жогору, билеттер дээрлик толук сатылып бүттү.
Алматыда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, стадионго жана анын айланасына кошумча тартип сакчылары тартылды. Күтүлүп жаткан чоң оюн Казакстандын футбол тарыхындагы эң маанилүү беттештердин бири болуп калары айтылууда.



















