Мадриддик “Реал” Казакстандын “Кайрат” футбол клубун 5:0 эсебинде жеңди. Оюндун башында алматылыктар жакшы башташты, бирок 15-минутадан кийинки оюнга испаниялык клуб толук үстөмдүк кылды.
Эсепти 25-мүнөттө пенальтиден Килиан Мбаппе ачты. Андан кийин ал 52 жана 73-мүнөттөрдө дагы гол киргизип, хет-трикке жетишти. Оюндун соңку бөлүгүндө Камавинга (83-мүнөт) жана Диаc кошумча убакытта (+92) гол киргизип, эсепти 0:5ке жеткирди.
Жыйынтыгында “Реал Мадрид” ири жеңишке жетип, чабуулчу Килиан Мбаппе оюн талаасындагы эң мыкты футболчу болду.



















