Муфтият өкүм чыгарчы сот же камалышына чечим чыгарчы прокурор эмес. Сөз башынан болсун, кечеетен бери: уууу, дуууу, эмне болду?: Раим муфтияттын жаңы имаратын ачыптыр, спонсор болуптур. Башта айтып өтөйүн, Матраимовту күнөлүү же күнөөсүз- дешке менин юридикалык далилдерим жок, болгону ЖМКлардан эле көргөн уккандарым, жеке мамилем да жок, астына на поклон барган да эмесмин, оюм да жок.
Болгону муфтияттын жаңы имараты боюнча Раим жигитчилик кылды. Келишим боюнча түрк туугандар салып бермек, тилекке каршы ар кандай саясий маселердин, талап жана такташуулардын негизинде ишке ашкан эмес. Аркыга, беркиге жалдыратпай убакыт, мөөнөтүндө куруп, киргизип берди. Буга чейин дагы Кара Сууда чоң мечит салып, заманбап медресе куруп, хатибияттын шартын оңдоп бергени жалпыга маалым.
Эмне дейбиз- муфтиятка майлуу- сүтүү жана берекелүү болсун. Уруш- кериш, интрига жана куру дооматтын имараты эмес, тазалыктын, адеп- ахлактын жана тынчтыктын мекени болсун.
Улан Исаков.
P.S. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.
(Маалымат У. Исаковдун Фейсбуктагы барагынан алынды).