Душанбедеги Өзбекстандын элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземи Тажикстан менен Өзбекстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Тажикстанда мамлекеттик сапар менен жүргөн Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өттү.

Өзбек лидеринин басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзиёев менен Рахмон символикалык лентаны кесишти. Ошентип Өзбекстандын Душанбедеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты расмий түрдө пайдаланууга берилди.


Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн.
Мирзиёевдин 2018-жылы Душанбеге жасаган биринчи мамлекеттик сапарында жана тажик кесиптеши менен сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарлары үчүн 30 күнгө чейинки виза режими жоюлган.
Өзбек лидери Душанбеге мамлекеттик сапар менен 8-апрелде келген.
Тажикстандын президенти менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары эки өлкөнүн союздаштык мамилелери боюнча келишимге кол коюшту. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча 28 жаңы эки тараптуу документтерге кол коюлду, анын ичинде эки өлкөнүн облустарынын ортосундагы алты келишим жана бир катар тармактардагы ведомстволор аралык келишимдер бар.
Кол коюлган башка документтерде көпүрөлөрдү куруу, вирусология, микробиология, молекулярдык биология, эпидемиология, биотехнология жана фармакология тармагында кадрларды даярдоо, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо каралган.
2023-жылдын аягында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 600 миллион долларга жеткен.





















