Сыйлык тапшыруу аземи Душанбе шаарындагы Улуттар сарайында Борбор Азия жана Азербайжандын президенттеринин катышуусунда өттү, «Ардак белгисин» Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тапшырды.
Түркмөнстан парламентинин башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жогорку сыйлыгы ыйгарылды.
Бул тууралуу Тажикстандын президентинин басма сөз кызматыны шилтеме берүү менен Sputnik Тажикстан жазды.
Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери кабыл алган чечим Бердымухамедовдун региондогу мамлекеттер ортосундагы достукту, кызматташтыкты жана тынчтыкты сактоого кошкон зор салымын айгинелейт.
Маалыматта Бердымухамедов аймак өлкөлөрүнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыгын чыңдоого, аймактагы өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын жана демилгелерин дүйнөгө илгерилетүүгө чоң салым кошкону белгиленет.
Түркмөнстандын Элдик кеңешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жогорку сыйлыкты алгандан кийин Эмомали Рахмонго меймандостугу үчүн, ошондой эле анын эмгегин баалаган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларына ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, 14-сентябрда Душанбеде Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.
Саммиттин тарыхында биринчи жолу ардактуу конок катары Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышты. Ал эми Түркмөнстандын Элдик кеңешинин төрагасы, экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары чакырылган.
Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышып, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстанстандын жана Өзбекстандын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашууга жана Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту.