Президент Садыр Жапаров 11-декабрда, Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу боюнча иш сапары менен Ашхабад шаарына келди.
Садыр Жапаровду Ашхабаддын эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Ошол жерде, аэропортто Президент Садыр Жапаровдун Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуусу болду.
Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашып, эки жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Андан соң мамлекет башчынын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуусу болду.
Анда Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды. Өз ара кызматташуунун динамикалуу өнүгүшү жана эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли белгиленди.
Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан кылымдар бою келе жаткан достук байланыштарга, маданияттардын окшоштугуна жана өз ара сый-урматка негизделген Кыргызстан менен болгон өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгиледи.
Түркмөнстандын президенти өз ара кызыкчылыкты туудурган мамилелерди мындан ары да чыңдоого түркмөн тарап даяр экендигин ырастады.
Өз кезегинде Садыр Жапаров боордош түркмөн элинин салттуу меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Президентти жана бүткүл түркмөн элин тарыхый даталар – Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.
Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен тарыхый жактан калыптанган достук жана бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын жана аларды узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн бекем негизи катары караарын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы келерки жылдын күзүндө Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, Президент Сердар Бердымухамедовду Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууга, ошондой эле Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары келүүгө чакырды.
Кыргызстандын Президенти транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал тараптардын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык мультимодалдык коридорлордун толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташып, бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумдун ишине катышат.





















