Казакстандык режиссёрлор тарабынан тартылган “Рэкет” тасмасы Кыргызстандын баардык кинотеатрларында прокаттан алынышы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Айрымдар жакында эле өлкөбүздүн ар кайсы мектептериндеги мектеп окуучуларынын арасындагы рекетчиликтен улам бычакташуу, ал тургай айрым окуучулардын өлүмү менен аяктаган окуучулар элдин үрөйүн учуруп турганда, бандитизмди пропагандалоонун кереги жок дешүүдө.
Мындан тышкары аталган тасманы көрсөтүүгө тыюу салынышын казак кинорежиссёрлорунун маркум “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уулу менен жолугуусуна да байланыштыргандар болууда. Биз жагдайдын чыныгы себеби эмне болушу мүмкүн экендиги тууралуу журналист, кинорежиссёр Руслан Машраповго кайрылдык.
– Руслан мырза, Сиздин да “Рэкет” тасмасынын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынышынан кабарыңыз болсо керек. Өлкөбүздүн маданият министрлиги эмнеге мындай чечим кабыл алды деп ойлойсуз?
– Ооба, “Жаңы доор” фильминин прокаттык күбөлүгү “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик концерни тарабынан кайтарылып алынгандыктан, бардык кинотеатрларда көрсөтүүдөн алынды. Бул эми кеч болсо да туура чечим болду деп ойлоймун. Бирок аталган тасмага уруксат берүүдөн мурда тиешелүү жетекчилер дыкат көрүп, иликтеп, анан бир чечимге келишсе болмок.
Себеби өткөн жумада эле алгач Бишкектеги №72 мектепте 9-класстын окуучусунун мектеп рекетчилигинин айынан жогорку класстын окуучусу тарабынан токмоктолуп, тилекке каршы ооруканада он күндөй дарыланып, өзүнө келбей каза болгондугу, мындан тышкары Өзгөн районундагы мектеп окуучуларынын бычакташкандыгы жана башка окуялар кыргыз коомчулугунун үрөйүн учуруп турганда, бул фильмди көрсөтүү отко май чачкандай эле болуп калды. Балким, “Рэкет” тасмасын тарткан казак режиссёрлору коомчулукту тарбиялоону көздөшкөндүр, бирок “рэкет” деген сөздүн өзү эле тескери тарбия болуп саналат.
Андыктан бул чечимдин себептери расмий түрдө жарыяланбаса да, Кыргызстанда бандиттик идеологияны даңазалап, пропагандалаган фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салынган деп түшүнүүгө толук негиздер бар.
– Аталган тасманы тарткан казак режиссёрлору маркум Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” аталган Камчы Көлбаевдин уулу менен жолугушкандыгына жана ал жолугушуунун видеосунун социалдык тармактар аркылуу коомчулукка таркап кетишин кандай баалайсыз?
– Бул жагы да алдын ала ойлонулбай жасалган өтө орой катачылык болуп калыптыр. Балким, ал баланын маркум атасынын кылмыштары үчүн тиешеси жоктур. Анткен менен казак киночуларынын аны менен жолугуп, ошол жолугушуунун видосун интернеттен таратып жибериши биздин өлкөнүн азыркы жетекчилиги тарабынан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө түз бобосо да кыйыр түрүндө сокуу уруу болуп саналат.
Чындап эле акыркы эки жылдан бери өлкөбүздө криминалдык топторго каршы саясат жана жүргүзүлүп жаткан аёосуз күрөштү эске алганда, мындай чечим орундуу жана күтүлгөн иш болчу.
-Анда эмне үчүн өлкөбүздүн тиешелүү жетекчилиги бул тасманы көрсөтүүгө уруксат берип коюшкан?
-Бул алардын өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгы. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, өспүрүмдөр арасындагы рекетчиликтен курмандыктар катталганына апта айланбай, коомчулукту сестентип турган чакта Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт жана жаштар саясаты министирлигинине караштуу кино саясатын, анын ичинде кино прокатты көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекеме “Кино департаментинин” кетирген чоң катасы болду.
Албетте, бул ишке министирликтин мамлекет жана коомчулук астында моралдык жоопкерчилиги бар экенин айтпасак деле белгилүү.
Бандитизм менен рекетчиликтен эч кандай философия издөөнүн кереги жок жана бул көрүнүштү “романтика” деп эсептеген убакыт өткөн.
Буга кошуп ар кандай жеңил-желпи, тарбиялык маанисиз, жаш муундарга руханий азык тартуулаган эстетикасы жок улуттук өзгөчөлүктөрдү тебелеп-тепсеген кино фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салуунун учуру эчак бышып жеткенин эске салгым келет.
“Кино департаменти” анын ордуна өзүбүздүн эле залкар кинорежиссёрлор тарткан мааниси терең, тарбиялык жактан да маанилүү, улуттук нарк-насил менен каада-салтты даңазалаган фильмдерди көрсөтүшсө болмок. Азыр ансыз деле балдарыбыз менен жаштарыбыз интернет аркылуу ар кандай аң-сезимди талкалаган терс тасмаларды көрүп, башка нукка түшүп кетүүдө. Сөзүмдүн акырында айтарым, кинонун балдар менен өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу мааниси өтө чоң. Андыктан мамлекетибиз бул жагына көңүл бурушу керек.
Маектешкен Эмилбек Момунов



















