Ирандык режиссёр Бабак Хаджепашинин «Периштелер жери» аттуу тасмасы шаршемби күнү Тегерандагы «Вахдат» залында өткөн жабылуу аземинде 44-Фажр кинофестивалынын башкы байгесин жеңип алды.
Согуштун шартында Газадагы балдардын жашоосу жана кыялдары тууралуу баяндаган бул фильм Хаджепашиге мыкты режиссура үчүн калыстар тобунун атайын сыйлыгын да алып келди.
Сириялык актриса Сулаф Фавакерджи «Периштелер жери» тасмасындагы ролу үчүн калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду. Мындан тышкары, Пайам Хоссейн Сури мыкты декорация дизайны үчүн сыйлык алса, Мохаммад Хассан Изади мыкты визуалдык эффекттер үчүн «Кристалл Симург» сыйлыгына татыды.
Кинофестивалдын жабылуу аземине президент Масуд Пезешкиан, маданият жана ислам агартуу министри Сейед Аббас Салехи, Кинематография уюмунун башчысы Раед Фаридзаде, маданият жана ислам агартуу министринин орун басары Мехди Шафии, ошондой эле маданият жана искусство ишмерлери менен белгилүү артисттер катышты.
Иш-чарага күтүүсүздөн келген президент Пезешкан сөз сүйлөп, өлкөдө жакында болгон башаламандыктар тууралуу токтолду. Ал: «Коомубузга түшкөн жараат терең, дарыгердин милдети — аны айыктыруу, тереңдетүү эмес», — деп белгиледи. Ал биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Душмандарыбыз өлкөбүздү, жерибизди, суубузду бөлүүгө аракет кылууда. Бирок маданият жана искусство ишмерлери бул жараатты айыктырып, биримдикти жана ынтымакты бекемдөөгө иштеши керек», — деди.
Көпчүлүк туш болуп жаткан оор шарттар тууралуу айтып жатып, Ирандын президенти азыркы кырдаал уйкусуз түндөргө себеп болуп жатканын моюнга алды. Ошол эле учурда ал багынбоого чакырып: «Өлкөбүздө калып, аны кайра калыбына келтирүүдөн башка жолубуз жок. Чет өлкөдө отуруп алып, өлкөбүздүн иштерине тышкы кийлигишүүгө чакыргандар абдан жийиркеничтүү», — деп билдирди.
Сөзүнүн аягында ал чыгармачыл коомчулукка ыраазычылык билдирип, мындай деди: «Кымбаттуу артисттерим, сиздерге чабуулдарга жана кыйынчылыктарга карабастан багынбай эмгектенип жатканыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем».

















