Белгилүү кинодокументалист, жети эл аралык фестивалдын баш байгесинин (гран принин) лауреты, жыйырмадан ашуун атайын байгелердин ээси, Убайдулла Ажибаев Б. Бейшеналиева атындагы улуттук университетинин кинорежиссор адистигин келерки жылы аяктайт. Анын “Почтальон”, “Догдур апа”, “Мугалим” жана “Өрүк эне” аттуу тасмалары белгилүү. Ал буга чейин Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Быйыл 66 жашта.
– Убайдулла Халилович, кесибиңиз боюнча врачсыз. Бирок кийин кино тартып, чыгармачылыкка берилип кеткениңиздин себеби эмнеде?
– Гинекология бөлүмүнүн радиациялык онколог – залалдуу жана залалсыз шишиктерди дарылоо үчүн жогорку энергиялуу иондоштуруучу нурлануу (радиология) бөлүмүндө иштегем. Анда нур менен иштегендиктен эрте эле пенсинсияга чыгып, бекер жүрбөйүн деп, 57 жашымда кинорежиссер болуу максатында кинорежиссер, сценарист жана продюсер, Кыргызстандын эмгек сиңирген маданият ишмерлери Темир Бирназаровдон, Эрнест Абдыжапаровдон сабак алып окудум. Кино тасма менен алектенип жүрүп, бир топ сыйлыктарды алдым. Ага карбай билимимди дагы да толуктоо максатында Бүбүсара Бейшенеалиева атындагы университетке 63 жашымда тапшырдым. Азыр 66 жаштамын, 4-курста окуп жатам Буюрса, келерки жылы бүтүп, диплом алам.
– Сиз тарткан тасмалар Кыргызстанда көп көрсөтүлбөгөн менен чет мамлекеттерде бир топ байгелүү орундарды алган экен. Мунун себебин эмнеде деп ойлойсуз?
– Тасмаларым бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, жети эл аралык фестивалдын баш байгесин жеңип алды.
2023-жылы Германиянын Зельц шаарында салттуу даректүү жана көркөм тасмалар фестивалы өттү. Ага дүйнө жүзүндөгү көптөгөн катышуучулар – Германия, Италия, АКШ, Польша, Франция жана башка өлкөлөрдөн катышты. Бизден айырмаланып, көрүүчүлөр фестивалдын көрсөтүлүшүнө билеттерди сатып алуу үчүн кезекке туруп калышат экен. Бул мен үчүн таң калыштуу болгон. Ошол фестивалда менин “Почтальон” тасмам даректүү тасмалар категориясында биринчи орунду ээледи. Ал эми Жалал-Абад облусунун алыскы аймактарындагы айыл тургундарына атчан жүрүп медициналык жардам көрсөткөн 70 жаштагы фельдшер жөнүндөгү “Доктор апа” тасмам мурда Франциядагы фестивалга тандалып алынган.
Ошондой эле Россия, Беларусия жана Түркиядагы фестивалдарда көрсөтүлүп, дипломго ээ болгон. “Өрүк эне” Россияда өткөн “Festpro” эл аралык фестивалына катышып, жеңүүчү аталды. Мындай жогорку байгелерге жеткендиги, башка кинорежиссерлордон айырмаланып, бизде дубль – 1, дубль – 2 жок. Анткени жумуш үстүндө кадр кайталанбайт. Ошол учурду кармап тартып калуу керек. Ошондуктан көркөм тасма менен даректүү тасманын айырмасы ушунда. Менин оюмча бул ийгиликке жетишкенибиздин себеби – жөнөкөй адамдардын чыныгы жүздөрү, эмгектери жана реалдуу окуяны чагылдыруу. Андан сырткары бир эле тасмада төрт мезгил камтылат. Мында оператордон дагы көп нерсе көз каранды. Тасма – бир эле адамдын жумушу эмес, бир канча адамдын биргелешкен жумушунун арты менен ишке аша турган эмгектин жыйынтыгы.

– Сиз тарткан тасмалар эмне үчүн Кыргызстанда көп көрсөтүлбөйт?
– Чындыгында бизде документалдуу филимди кабыл алышпайт. Бул деген элдин аң-сезимине байланыштуу. Биздин элге караганда, чет өлкөлүктөр документалдуу фильмге кезекке туруп билет алып көрүшөт. Алар биздин тасмаларды жактыраарын айтышып, реалдуу жашоо деп баалашат. Чындыгында чыныгы адам, чыныгы жүздөр. Ал эми көркөм тасмада реалдуулукту көрө албайсың.
– “Почтальон”, “Догдур апа” жана “Мугалим” тасмаларынын ар биринде кадрдын жетишсиздигин ачып берипсиз. Булар жарыкка чыккандан кийин, тиешелүү министрликтер реакция кылыштыбы?
– Бул маекти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги окуп калса жакшы болмок. Тилекке каршы, көрбөйт же көңүл бурбайт. Эгер көңүл бурулган болсо, көз жаздымда калмак эмес.
Өзүңүз айткандай, көрсөтүлгөн тасмалардагы үч кесип тең өтө таңкыс. Мен тарткан каармандар элеттиктер. Шарты оор тоодо жашагандар. Элетке жаш кадрлар барбайт. Сузактын шарты оор аймагында жашаган “Догдур апа” жетимиш жаштан өтүп, пенсияга чыкканына карабай ат менен жүрөт. Ал кетейин десе ордуна барып иштей турган медайым жок. Айла жок элинин ден-соолугуна карап фанат катары иштеп жүрөт.

“Мугалим” тасамасы Жумгалда тартылган. Эч ким барбаган жерде мугалим өзүнүн үйүн мектеп кылып 1-класстан 4-клсска чейинки балдарды бириктирип алып, эки бөлмөдө окутат. Ал жан дили менен берилип, сабакты эрте менен Кыргызстандын Гимни менен баштайт. Анын максаты – райондон бир топ окчун жашаган элдин балдарын билимдүү болуп калсын деп болгон күч аракетин жумшап жатат.
Ал эми “Почтальон” тасмасы Лейлек районун Тажикстан менен чектеш айылдарда тартылган. Почтальон жалгыз өзү жөө жүрүп Көк-Таш жана Дээноо айылдарын тейлейт. Жергиликтүү тургандар анын жайы-кышы дебей жөө жүрүп элге кызмат кылганын эске алып, ага өкмөт тарабынан унаа берилиши керектигин айтышат. Негизи бул тасмалар улуттук телевидениелер ЭЛТР, КТР аркылуу көрсөтүлүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Агартуу министрлиги колго алып, айылдардагы клубдарга алып барып койдурса болот.
Бирок Жумгалдан “Мугалим ” тасмасы тартылып жарык көргөндөн кийин “Азаттык” материал даярдап чыккан. Кийин өкмөт тарабынан ошол агайдын дарегин алышып, мектепке китеп, компютер алып барышкан. Мектеп курганга жардам беребиз деп жүрүшкөн болчу. Мугалимди “эмгек сиңирген мугалимдикке” көрсөтүшуп, наам ыйгарылган. Ал убакта президент Сооронбай Шарипович Жеенбеков эле.

– Бул тасмаларыңыз Иран кинорежиссерлорунун дагы купулуна толгон экен. Өзүңүз Ирандагы кинофестивалдарга сунуштап көрдөңүзбү?
– Ирандык белгилүү кино режиссорлор AIireza Zhahrohi менен Татарстандын Казань шаарында өткөн Мусулман кинолорунун эл аралык фестивалында таанышып достошконбуз. Ага “Мугалим” даректүү тасмасы абдан жагып калганын айтып, Иранга филимдерин жөнөтүшүмдү сунуштады. Негизи Ирандын кинолору абдан маани-маңыздуу, мыкты деңгээлдеги филимдер чыгат. Ал өлкөдөн абдан күчтүү кинорежиссерлор чыккан. AIireza Zhahrohi дагы алардын катарында. Бирок Иранга бара элекмин, барсам жакшы болмок.
– Убайдулла мырза, көп кырдуу талант ээси катары белгилүүсүз. Эми алдыдагы пландарыңыз боюнча дагы айта кетсеңиз?
– Адам табиятынан изденүү менен алектенет эмеспи. Кино тасмага сүңгүп киришкенимден бери документалдуу фильмдерди тартуу менен алекмин. Учурда “Топоздорду” тартып жатам. Топоздор бийик тоолуу катаал шарттарда жашоого эң жакшы ыңгайлашкан уникалдуу жаныбарлар болгондуктан, алардын мүнөзүн ачууга аракет кылдым. Бул жаныбарлар аба ырайынын катаал шарттарын оңой көтөрүшөт. Үч километр бийиктикте жашап, кышкысын 50 градус суукка чыдай алат. Сүтү өтө майлуу келет. Жаңы туугандан кийинки ууз сүтүндө 12-13 пайыз майлуулук болот. Сүтүнөн каймак алынып, быштак да жасалат. Ал эми топозчулар топоздорду унаа катары да пайдаланышат.

Мындан тышкары, “Лейлек килемин” тартып бүттүм. Кыскача токтоло кетейин, Лейлек килеми – Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районуна мүнөздүү, байыркы салттарды сактап калган кол өнөрчүлүктүн түрү. Бул килемдер өзгөчө сапаты, табигый материалдары жана муундан-муунга өтүп келген токуу ыкмалары менен белгилүү. Килем койдун жүнүнөн жасалып, табигый боёктор менен боёлуп, айрыкча кыргыз оюулары менен кооздолуп жасалат. Фильмде койдун жүнү кыркылып, жуулуп, тазаланып, ийик менен ийрилип боёлгондон кийин кыз-келиндердин килем токуганын тартып, токуу технологиясын ачууга аракет кылдым. Азыр бул тасманы эл аралык фестивалдарга жөнөтүп жатабыз.

Ошондой эле “Патриот” деген дагы фильм тартканмын. Каарман нарындык жигит. Улуту орус, дини мусулман. Ал беш убак намаз, Куран окуйт. Буюрса, бул дагы жакшы, таасирдүү тасма.
– Элди кымбатчылык кыйнап турган чакта, кино тартуу бир топ эле оорчулукту жаратса керек. Кино тартууга да оңой эмес каражат талап кылынат. Каржы маселеси кандай болуп жатат…
– Албетте, иштеймин деген же изденүүнүн үстүндө болгон киши кандай гана кыйынчылык болбосун жолун табууга аракет жасайт деген пикирдемин. Буга чейин Кинематография департаменти эки кинону каржылап берди. Ал эми Сооронбай Жусуев жөнүндөгу даректүү тасмага өздөрү буюртма беришкен. Аны тартып бердим. Көбүнчөсү гезиттен, офистен түшкөн каражаттарды колдонуп жүрөм. Колунда бар бизнес жаатындагы мекендештер искуствону жакшы түшүнбөгөндүктөнбү колдоого алышпайт. Ошондуктан аларга кайрылбайбыз деле. Негизи документалдуу филимьге өтө чоң суммадагы каражат кетпейт.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева


















