7-октябрда – өзүнүн туулган күнүндө Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин кадимкидей эле иштейт.
Lenta.ru билдиргендей, мамлекет башчынын пландарын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков ачыктады.
Кремлдин өкүлүнүн айтымында, “өзгөчө майрамдык эч нерсе болбойт”. Анын айтымында, Путин күндүн биринчи жарымында жабык жумушчу жолугушууларды өткөрөт. Кечинде президент КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен да жолугат.
7-октябрда мамлекет башчы 72 жашка чыгат.
















