Россиянын президенти Владимир Путин ШКУнун саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына келди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында кабарланды.
ШКУнун саммити 3-4-июлда Астанада “Көп тараптуу диалогду чыңдоо – тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” урааны астында өтөт.
Саммиттин негизги программасы эртеңки күнгө пландаштырылган. Бүгүн Путиндин бир катар маанилүү эки тараптуу жолугушуулары болот: Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын жана Азербайжандын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Илхам Алиев, Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Ирандын аткаруу бийлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер.
РФ лидеринин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында катышуучулар күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда кызматташууну талкуулап, уюмдун жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарат жана саясат, коопсуздук, экономика, гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин карашат.
Саммиттин жыйынтыгында алар биргелешкен 24 документтен турган пакетке, ошондой эле жыйынтыктоочу декларацияга жана жакшы коңшулаштык жана биримдик принциптерине берилгендик тууралуу билдирүүгө кол коюу пландалган.
Жыйынтыгында Путин журналисттер менен сүйлөшөт.
ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын курамына Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу өлкөлөр: Афганистан, Беларусь жана Монголия. Өнөктөш өлкөлөр: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка. Күтүлгөндөй, алдыдагы саммитте Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө болот.



















