Казанда өтүп жаткан БРИКС саммитининин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын жолугушуусу болду. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Бул президенттердин акыркы эки жумадагы экинчи жолугушуусу – буга чейин Путин менен Пезешкян 11-октябрда Ашхабадда сүйлөшүшкөн.
«Бүгүн биз эң актуалдуу эл аралык темаларды, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы окуяларды, Сирия менен Закавказьедеги абалды талкуулоону улантабыз», – деди орус лидери жолугушууну ачып жатып.
Ал Москва менен Тегерандын ортосундагы мамилелер өсүп жатканын жана достук мүнөздө экенин белгиледи.
Анын айтымында, эки өлкөнүн милдети соода-экономикалык өнөктөштүктүн оң динамикасын бекемдөө болуп саналат.
Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын ичинен Россиянын президенти “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридорунун масштабдуу долбоорун илгерилетүү алкагында Ирандын темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана “Бушер” атомдук электр станциясынын экинчи жана учунчу энергоблокторун куруу сыяктуу ири демилгелерди атады.
Путин Ирандын БРИКСке толук кандуу мүчө болгондугун белгилеп, Москва анын арызын активдүү колдогонун белгиледи.
«Буга чейин да биз сиздердин Шанхай кызматташтык уюмуна кошулушуңарды кубаттаганбыз. Ошентип биз үчүн эл аралык аренада биргелешип иштөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылат.», – деди РФ мамлекет башчысы.
Орус лидери ошондой эле ирандык кесиптешине Россияга ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча жаңы келишимге жана башка документтерге кол коюу үчүн өзүнчө иш сапар менен келүү чакырыгын кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өз кезегинде Москва менен Тегерандын мамилеси стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилеп, келишимди даярдоону жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.
«Жакында биз бул келишимге кол коебуз деп ишенем, бул маселени өзүм колго алууга чечкиндүүмүн. Биринчи мүмкүнчүлүк болгондо биз аны жыйынтыктап, макулдашылган күнү кол коебуз деп ишенем», – деди Пезешкиан.
Ирандын президенти Россиянын лидерине Ислам Республикасынын БРИКСке, ШКУга жана ЕАЭБдин эркин соода аймагына кошулуусуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн жеке ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле эки өлкөнүн ар турдуу тармактардагы — экономикалык, саясий, маданий мамилелери абдан жакшы өнүгүп жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, Пезешкиан Россия менен Иран АКШнын Москва менен Тегеранга каршы киргизе турган бардык санкцияларды нейтралдаштыра аларын билдирди.
Соңунда Путин Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин конструктивдүү позициясын жогору баалап, ага салам жана жакшы каалоолорун жолдоду.
Эске салсак, июнь айынын башында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия менен Иран ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча жаңы келишимдин тексти боюнча макулдашканын билдирген. ЖМКларда келишимге Казанда БРИКСтин саммити учурунда кол коюлушу мүмкүн деген маалыматтар чыккан, бирок Путин менен Пезешкян Ашхабаддагы жолугушууда документке кол коюу өзүнчө визит учурунда болорун макулдашышкан.
БРИКС 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери БРИКСке төрагалык кылууда. Жыл биримдикке жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары азыр ага Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет.
Орусиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө.
БРИКСтин саммити 22-октябрдан 24-октябрга чейин Казанда өтүүдө. Ага 36 өлкөнүн жана алты эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.


















