Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда (ЧЭФ) сөз сүйлөп жатып, Россиянын президенти Владимир Путин негизги пайыздык ченди кескин төмөндөтүү баалардын өсүшүнө жана инфляциянын күчөшүнө алып келерин айтты.
«Бул залда отургандардын көпчүлүгү: ооба, бул туура эмес, мүмкүн эмес, негизги ченди тез арада төмөндөтүү керек дешет. Бирок анда баалар өсүп кетет», — деди мамлекет башчысы.
Путин белгилегендей, баалардын өсүшү — бул инфляция, ал эми аны менен күрөшүүнү Борбордук банк жүргүзүп жатат. Максат — инфляцияны белгилүү жана зарыл болгон көрсөткүчкө кайтаруу, башкача айтканда, 4–5%дан ашырбоо.
Президент кошумчалагандай, бүгүнкү чен өндүрүш менен алектенгендердин нааразычылыгын жаратса да, аны кескин төмөндөтүү баалардын өсуүсүнө алып келет.
«Сиздерди ишендирип айтам: Россиянын финансылык бийлиги, Өкмөтү жана Борбордук банкы кесипкөй иш алып барып жатат», — деди Путин.


















