Путин Россиянын ички коопсуздугун жана коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелерди талкуулады.
Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен Россиянын ички коопсуздугун камсыз кылуу жана коңшу мамлекеттер менен болгон мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана чектеш мамлекеттер менен байланыштарды чыңдоо маселелери каралды.
«Бүгүн бизде эки маселе бар. Биринчиси — ички коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу. Экинчиси — эң жакын коңшулар менен болгон мамилелерибизди өнүктүрүү. Адегенде ички күн тартибиндеги маселелерден баштоону сунуштайм», — деди президент.
Көтөрүлгөн маселелерди кеңири талкуулоо үчүн мамлекет башчысы сөздү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Aлександр Бортниковго жана ички иштер министри Владимир Колокольцевге берди.
Июнь айынын ортосунда президент Коопсуздук кеңешине парламенттик шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну сунуштаган.
Ал эми май айында Путин ички иштер министри Владимир Колокольцевдин ведомствонун учурдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири баяндамасын уккан.


















