Россиянын президенти видеобайланыш аркылуу Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин видеобайланыш аркылуу Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Ирандын айланасында түзүлүп жаткан кырдаал талкууланды.
АКШ жана Израилдин Иранга чабуулдары
Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жаткан шартта, Израиль менен АКШ 28-февралда эртең менен Ирандын аймагына биргелешкен сокку урду.
Израилдин Коргоо министрлиги Иранга каршы «алдын алуучу сокку» жасалганын билдиргенден кийин, АКШ президенти Дональд Трамп бул өлкөгө каршы «ири масштабдагы операция» башталганын маалымдаган.
Соккулар Тегеран, Исфахан, Кум, Кередж, Тебриз, Бушер, Керманшах жана Илам шаарларына жасалды.
Израиль менен Иран өздөрүнүн аба мейкиндигин жапты
Израилде өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, коңгуроо сиреналары жаңырып, жарандар Иран тараптан жооп соккулар болушу мүмкүн деген эскертүү менен баш калкалоочу жайларга жашынууга чакырылды.
Иран армиясы америка-израилдик чабуулдарга жооп катары Израилге карата ондогон баллистикалык ракеталар жана дрондор учурулганын билдирди.
Мындан тышкары, Иран аймактагы бир нече өлкөлөрдөгү америкалык аскер базаларына — Бахрейнде, Бириккен Араб Эмираттарында, Кувейтте, Катарда жана Иорданияда — бир убакта сокку урду.


















