Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 16-17-майда Кытайга барат, деп билдирди Кремлдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, бул Путинтин кызматка киришкенден кийинки биринчи чет элдик сапары болмокчу.
Россия менен Кытайдын лидерлери ар тараптуу өнөктөштүктүн жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн бардык комплексин кеңири талкуулоону, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоону пландаштырууда.
️Мындан тышкары, Путин менен Си Цзиньпин эң актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.
️ “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда”, – деп белгиленет Кремлдин билдирүүсүндө.
Өлкө лидерлери ошондой эле️ Россия менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына жана маданият жылдарынын ачылышына арналган салтанаттуу кечеге катышат.
Россия лидери️ ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушат, анда соода-экономикалык жана гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташууну талкуулашат.
Андан сырткары, Путин ️Харбинге барат, ал жерде сегизинчи орус-кытай ЭКСПОнун ачылыш аземине жана аймактар аралык кызматташтык боюнча төртүнчү орус-кытай форумуна катышат.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн лидерлери түрдүү тармактарда кызматташууну, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты жараткан эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулай турганын кошумчалады.



















