Президенттин жардамчысынан 300 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин экс-директору А.Д.Б кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Д. шантаж жана массалык маалымат каражаттарында провокациялык мүнөздөгү материалдарды таратам деп коркутуу жолу менен ал мамлекет башчысынын жардамчысынан 300 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кыла баштаган.
2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Д.Б. жогорудагы жагдайлар боюнча талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жатып пара менен кармалган.
Кармалган А.Д.Б. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө КР УКМКнын СИЗОнун убактылуу кармоочу жайгаштырылып, ага тиешелүү айып салынат, ал эми сот органдары тарабынан тергөөнүн мөөнөтүнө бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө маселе каралат.