Социалдык тармактарда айрым мамлекеттик кызматкерлерди президенттин, МинКаб төрагасынын же министрлердин атынан алдап, акча сураган алдамчылардын жаңы түрү чыкты.
Алар адатта кайсы бир мамлекет жетекчилигинин же администрациянын атынан чиновниктерге чалышып, аларга мамлекеттик сыйлык тапшырылып жаткандыгын айтышат. Андан кийин ошол иш чарага акча чогултуу керектигин айтышат да, тийиштүү сумманы которуп коюуну кыйытышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын пресс-катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы өзүнүн барагынан билдирүү таратты.
“Урматтуу достор, социалдык тармактын колдонуучулары!
Учурда ар кыл көз боемочулардын мыйзамсыз аракеттери күч алууда. Алар ар кандай шылтоолор менен мамлекеттик органдардын иш-чараларына телефон аркылуу чакырып, акча чогултуп жатканын айрым маданият кызматкерли маалымдашты.
Ушуга байланыштуу дагы бир жолу коомчулукка кайрылууну туура көрдүк.
Президенттин Администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса – бул алдамчылар деп билиңиздер.
Мамлекеттик кызматкерлер Президенттин атынанбы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт.
Эгер сиз менен бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык катары каражат чогултуу маселесин көтөрсө, ошол замат тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылыңыздар.
Телефон аркылуубу же соцтармак аркылуубу ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барган алдамчылар, көз боемочулар үчүн мыйзам чегинде тийиштүү жоопкерчилик каралган”-, деп айтылат А. Алагозовдун эскертүүсүндө.
Эскерте кетүүчү жагдай, мындан мурда президент Садыр Жапаровдун атынан анын үнүн өзгөртүү менен ар кандай каржылык келишимдерди түзүүнү социалдык тармактар аркылуу тараткан видеотасмалар пайда болгон.



















