Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.
КЭР төрагасы “Кытай – Борбор Азия” саммити тууралуу айтып жатып, ал маанилүү этап болуп калаарына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасады.
Баарлашуунун жүрүшүндө Си Цзиньпин ошондой эле биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын – өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.
Кытайдын төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров бул сапар мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүүгө жана аны жаңы жогорку сапаттык деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөрүн билдирди.
Мамлекет башчысы кыргыз тараптын боло турган “Борбор Азия – Кытай” саммитинен үмүтү чоң экенин, бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналарын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи Жапаров.
Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров КЭР төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.