Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент С. Жапаров президентикке талапкерлерди кабыл алды

  • Кыргызстан
  • 19.11.2026 11:24

Loading

18-ноябрда Кыргыз республикасынын Президенти Садыр Жапаров учурда өзүнөн башка президенттике ат салышып жаткан он талапкерди кабыл алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык  тармактагы барагында билдирди.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон талапкерлер менен жолугуштум. Негизги максатым алардын ой-пикирлерин угуу, шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын, “административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар колдонулуп жаткан жокпу” деп түздөн-түз баарлашуу болду.

Тема боюнча

Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

19.11.2026

Мен алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек.

Ушул жерден бүгүнкү талапкерлер менен болгон жолугушууда алар тарабынан айрым тынчсызданган жагдайлар айтылды. Ошолорду эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге дагы бир жолу өзүнчө кайрылгым келип турат.

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздердин негизги милдетиңиздер – кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу.
Менин президенттик шайлоого катышып жатканым сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт.

Административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды кайсы бир талапкерди колдоого мажбурлоого, башка талапкерлерге тоскоолдук жаратууга жол берилбейт.

Кимде-ким кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишсе, мыйзам алдында жооп берет. Бул талап баарына бирдей.

Мен “Кыргызстанда шайлоо” дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм.

Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек.

Урматтуу мекендештер!

Учурда “Түндүк” тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жүрүп жатат. Бардык жарандарды бул жараянга активдүү катышууга чакырам. “Президент болом, өлкөмдү өнүктүрөм” деген ар бир талапкерге мүмкүнчүлүк бериңиздер.

“Түндүктөн” кол коюу – добуш берүү эмес.

Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер.

Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо “Түндүк” аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн көп суранамын.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

19.11.2026
Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

Бишкекте кытайлык жарандарга кол салуу болуп, 1 млн. долларын тартып алышты

19.11.2026
Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Президент Эрдоган Газадагы кырдаалга байланыштуу мусулман дүйнөсүн Израилге болгон басымды күчөтүүгө чакырды

Президент Эрдоган Газадагы кырдаалга байланыштуу мусулман дүйнөсүн Израилге болгон басымды күчөтүүгө чакырды

18.11.2026
Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.