Кечээ, 24-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президенттик комплексте өткөн өкмөт жыйынынан кийин оппозицияга катуу билдирүү жасап, түрк жарандарынын тынчтыгын провокациялар менен бузбоону талап кылды.
Эрдоган вандалдык чабуулдарды оппозиция лидери менен анын тарапкерлерине жүктөдү.
Анын айтымында, оппозиция коррупция боюнча айыптоолорго жооп берүүнүн ордуна, эң төмөн билдирүүлөрдү жасады. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.
“Мен сиздерди чагымчыл аракеттер менен жарандарыбыздын тынчтыгын бузууну токтотууга чакырдым. Эгер кайратыңыздар болсо, коррупция, уурулук, алынган пара, мыйзам бузуулар боюнча маалымат бериңиздер. Эгерде азыркы тергөөдөгү айыптарга жана камалган адамдарга кепилдик берсеңиздер, ачык айтыңыздар”, – деди Эрдоган.
Түрк лидеринин айтымында, эгерде оппозиция жогоруда айтылгандардын бирин да жасоону пландабаса, анда ал элге чагымчылдыкка кылуудан баш тартышы керек.
Ошол эле учурда мамлекет башчысы оппозициялык саясатчылардан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «маргиналдык солчул уюмдарга» каршы коюуну токтотууну талап кылды.
Эскерте кетсек, 19-мартта полиция Стамбулдун мэри, оппозициялык Республикалык элдик партиянын лидерлеринин бири Экрем Имамоглуну коррупция жана террорчулар менен байланышы бар деген айып менен кармаган.
Саясатчы бардык айыптарды четке кагып, бирок бир нече күндөн кийин сот аймактын башчысын жана 100гө жакын кызматкерлери менен камакка алган.
Натыйжада Түркияда массалык толкундоолор башталып, миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул масштабдуу акция уланып жатат.
Өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая 24-мартка карата кармалган демонстранттардын саны 1000ден ашканын билдирди.

















