Президент Садыр Жапаров 22-декабрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. “Мыйзам өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бирин – тууну жакшыртуу максатында кабыл алынганы” президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта белгиленген.
“Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн”, – деп жазылган.
Мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулары мыйзамда белгиленген.
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.




















