Бириккен Араб Эмираттары адамдын манжаларынын изинен жасалган дүйнөдөгү эң чоң улуттук желекти жаратты.
Гиннестин рекорддор китеби тарабынан расмий таанылган уникалдуу арт-объект жүздөн ашуун ар улуттун өкүлдөрүнүн 24,5 миң адамдын кол издерин бириктиргендигин russianemirates.com агенттиги жазды.
Кеңири масштабдуу акциянын катышуучуларынын арасында үч айга эми эле толгон ымыркай Мухаммад Мустафа Имран да бар.
Наристе окуянын масштабын түшүнө элек болсо да, ата-энеси чоңойгондо тарыхый долбоорго катышканы менен сыймыктана турганына ишенет. Баланын кичинекей колунун изи азыр Дубайга коюлган чоң байрактын бир бөлүгү болуп калды.
“Ал азыр кичинекей болушу мүмкүн, бирок анын колу чоң из калтырып койду”, – дейт Имрандын атасы.
Желекти жасоо идеясы жөнөкөй, бирок терең, ал “көп түрдүүлүктөгү биримдикке” негизделген.
Долбоорго бардык курактагы жана кесиптеги адамдар кошулуп, БАЭге болгон сүйүүсүн билдиришти.
Манжа изин чогултуу процесси 13-апрелде Al Quoz аймагында башталып, 39 сесссия жүргүзүлгөна.
Ыктыярчылардын тобу бүткүл өлкөнү кыдырып, окуу жайларынан, маданий борборлордон жана башка коомдук жайлардан издерди чогултушкандан кийин анын баары бир желекке түшүрүлгөн.
Бул долбоор БАЭнин көп улуттуу коомунда биримдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн символу болуп калды.
Бир кезде өнөр жай кампалары жайгашкан Al Quoz азыр көркөм галереялары, дүкөндөрү, саркеч кафелери жана чыгармачылык студиялары менен дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан маданий комплекстердин бири.




















