Мындай кайрылууну Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жасап, чет элдик инвесторлор жана мамлекеттик органдарга катуу эскертүү берди.
Анда президент мындай деген:
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын.
Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат.
Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат.
Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.
Инвесторлорго эскертүү:
Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле.
Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле.
“Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун.
Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз”.
Белгилей кетүүчү жагдай, 28-декабрда УКМК тарабынан Кыргызстанга ири суммада инвестиция тарткан Орусиянын жараны Р.Д.А.ны алдап кеткен жергиликтүү үч адам кармалды.
Алдын ала маалыматка ылайык, 2018-жылы Орусиянын жараны Р.Д.А. “Айсео” компаниясы менен өнөктөштүк келишим менен 14 млн доллардан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курган.
Иш жүзүндө “Айсео” ишканасынын ээси Кыргызстанды эки жараны (О.Б.А. жана А.К.Т.) болгон. Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин алар кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен кылмыштуу байланышынан пайдаланып, зомбулук көрсөтүп инвестордун мүлкүн жана акчасын тартып алып өзүн Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбурлашканы аныкталган.
Бул факты боюнча “Айсео” компаниясынын ээлери (О.Б.А., А.К.Т) жана башкы эсепчиси (А.Н.К.) кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


















