Жакынкы күндөрү Польша “Батыш-2025” машыгууларына байланыштуу Россия жана Беларус менен чек арага болжол менен 40 миңдей аскерин жайгаштырат.
Бул тууралуу коргоо министрлигинин орун басары Цезарий Томчик Polsat News каналына берген маегинде билдиргенин россиялык РБК агенттиги жазды.
Анын айтымында, мындай чечим Беларуста 12-сентябрда баштала турган Россия менен Беларустун “Батыш-2025” аскердик машыгууларынын башталышына жооп катары кабыл алынды.
“Польша көп айдан бери “Батыш-2025” маневрлерине даярданууда. Поляк армиясы “Батыш-2025″ машыгууларына татыктуу жооп кайтаруу үчүн 30 миңден ашык поляк жоокерлерин, ошондой эле альянстын жоокерлерин тартуу менен машыгуу өткөрдү”, — деди Томчик.
«Батыш-2025» – Россия менен Беларустун биргелешкен стратегиялык машыгуулары 12–16-сентябрында өтөт. Ага 13 миңден ашык адам катышат. Эки өлкөнүн аскерлери Россия менен Беларустун союздук мамлекетин коргоо боюнча аракеттерин координациялоону машыгышат. Машыгууларда өзөктүк куралды жана “Орешник” ракета комплексин колдонуу планы иштелип чыгат.
10-сентябрда Польшанын аскерлери өлкөнүн аба мейкиндиги бузулганын билдиришкен. Кийинчерээк премьер-министри Дональд Туск “Россиянын абдан көп сандагы дрондору” жөнүндө сөз болуп жатканын айткан.
Россиянын Коргоо министрлиги соккулар Украина аймагындагы объектилерге гана жасалганын, Польшадагы объекттерге сокку уруу пландалбаганынн белгиледи. Россия элчилиги Москвага коюлган айыптарды негизсиз деп атады.
Россиянын Польшадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Ордаш Варшаванын айыптоолорун “негизсиз” деп атап, дрондор Украина тарабынан учуп келгенин билдирди.
Дональд Туск 9-сентябрда Беларус жана Россия өткөрүп жаткан машыгууларга байланыштуу Беларус менен болгон кургактык чек арасы жабыларын жарыялаган. Ал эми ички иштер министри Марчин Кервиньский чек арадагы өтмөктөр Варшава поляк жарандарына коңшу мамлекеттен эч кандай коркунуч жок экенине 100% ишенгенде гана ачылаарын кошумчалаган. Ошондой эле Польша Украина жана Беларус чек арасы боюнча аба каттамдарын үч айга — декабрдын башына чейин чектеди.
Мындан тышкары, Варшава БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырды жана НАТОнун 4-беренесинин колдонулушун талап кылды. Тусктун айтымында, аба мейкиндигинин бузулушунан кийин өлкөгө альянстын колдоосу зарыл. Бул беренеге ылайык, альянстын мүчөлөрү кайсы биринин аймактык бүтүндүгүнө, саясий көзкарандысыздыгына же коопсуздугуна коркунуч жаралганда кеңешмелер өткөрүшү керек.
Азырынча НАТОдогулар дрондордун Польшага учурулушу атайылап жасалганбы же жокпу, аныкташа элек.

















