АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы сааттарда элге кайрылуу жасап, Иранга каршы аскердик операциянын максаттары аткарылганын жана ал аяктап жатканын билдирүүнү пландап жатат.
Бул тууралуу Politico басылмасы маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, америкалык лидер «бир айга созулган Ирандагы согуш аяктап жатканын» жарыялайт. Басылманын булактарынын айтымында, АКШ президенти бардык аскердик максаттар аткарылганын билдирет деп күтүлүүдө.
Макалада ошондой эле АКШ лидери НАТО боюнча союздаштарына согуштагы эң олуттуу чечилбей жаткан маселе — Иран тарабынан Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшүнүн чектелиши боюнча жоопкерчиликти жүктөй турганы айтылат.
Президент АКШнын чыгыш жээктеги убактысы боюнча саат 21:00дө кайрылуу жасайт.
Буга чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Трамп Иран боюнча «маанилүү жаңыртылган маалымат» бере турганын билдирген.



















