Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан келерки дүйшөмбүдө, 30-сентябрда Азия Кызматташтык Диалогунун (ACD) лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Катарга барат. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.
Масуд Пезешкиан жогорку даражалуу делегациянын башында эки күндүк иш сапарынын алкагында Азия кызматташтык диалогуна катышкан өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Катардын борбору Дохага барат.
Катар лидерлери жана расмий адамдары менен жолугушуу жана сүйлөшүүлөр доктор Пезешкиандын Катарга эки күндүк сапарынын башка маанилүү учурлары болуп саналат.
ACD деп аталган Азия Кызматташтык Диалогу Азиянын 35 өлкөсүнөн турат, алар 20 жылдан ашык убакыттан бери экономикалык жана маданий тармактарда ар кандай долбоорлорду жана кызматташтык программаларын ишке ашыруу үчүн ички азиялык диалогду бекемдөө үчүн иштеп келишет.

















