АКШнын коргоо министрлигинин башчысы Ллойд Остинден эркек безинин залалдуу шишик оорусу (рак простаты) бар экендигине диагноз коюлду. Өткөн жылдын декабрь айынын аягында ал операция болгон. Бул тууралуу Пентагон британиялык Daily Mail гезитине билдирген.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Остин 22-декабрда Уолтер Рид атындагы улуттук аскер-медициналык борборуна жаткырылган.
“Ал простатэктомия деп аталган минималдык инвазивдик хирургиялык дарылануудан өттү”, – деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө.
Такталгандай, саясатчыда рактын алгачкы учуру аныкталган жана анын толук сакайып кетишине божомолдор өтө жогору.
Бирок Ак үй азыркы учурда Ллойд Остиндин ыйгарым укуктарын ал толук сакайганча башка бирөөгө өткөрүп берүүнү караштырууда.
Мурда Ллойд Остин ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган.


















