АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет президент Дональд Трамптын администрациясынан эч ким Signal мессенжеринин чатына “согуш пландары менен SMS жөнөткөн эмес”,- деп билдирди.
«Аскердик пландар тууралуу эч ким смс жөнөткөн жок, мен бул жөнүндө ишенимдүү түрдө айта алам», – деди Хегсет журналисттерге.
Ал ошондой эле The Atlantic гезитинин башкы редактору Жеффри Голдбергди сындап, аны «жалганчы, журналист деген адам»,- деп атады.
24-мартта The Atlantic Голдбергдин рубрикасын жарыялап, анда ал Майкл Уолз аттуу Signal мессенжеринин колдонуучусу (АКШ президентинин кеңешчиси) аны «Хуси PC чакан тобу» деп аталган чатта кошконун айткан.
Голдбергдин айтымында, сүйлөшүүдө АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү, анын ичинде Хегсет Йеменге аскердик сокку уруу пландарын, ошондой эле буталардын координаттарын жана колдонулушу пландалган куралдардын түрлөрүн талкуулашты.
Голдберг алгач кат жазышуу жасалма деп эсептегенин, бирок кийинчерээк анда АКШнын Йеменге сокку урган убактысы чындыкка дал келгенин байкаганын белгиледи.
15-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Йемендеги хуситтерге каршы кеңири масштабдуу аскерий операцияларды баштаган жана муну хуситтер америкалык жана башка кемелерге, учактарга жана учкучсуз учактарга ок атууну улантып жатканына шылтоологон.

















