Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын тик учагы аба ырайынын бузулгандыгынан улам Ванадзор шаарында пландаштырылбаган конуу жасоого мажбур болгондугун Sputnik Армения маалымат каражаты билдирди.
Аталган маалымат каражатынын маалыматына ылайык, 25-майда Никол Пашиняндын тик учагы армениянын Ванадзор шаарынындагы стадионго чукул конуу жасаган. Бул маалыматты Армениянын премьери өзү Facebook баракчасында тастыктады.
“Баары жайында. Аба ырайынын бузулгандыгынан улам биздин тик учак Ванадзордо пландаштырылбаган конуу жасады. Азыр биз машинада жолубузду улантуудабыз. Биздин баарыбызга жакшы күн каалаймын”, – деп жазды ал.
Мындан тышкары Пашинян пландаштырылбаган конуу жасалган жерден видеону жайгаштырды.
Sputnik Армения жазгандай, премьер Азербайжан менен чектешкен Тавуш облусундагы Баганис айылын көздөй бараткан.
Армения жана Азербайжандын чек арасын делимитациялоо
Эске сала кетүүчү жагдай, апрелдин аягында Армения жана Азербайжан чек араны делимитациялоо процессин баштаган.
Ал эми кийинчерээк Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Алматада азербайжан-армян сүйлөшүүлөрү болорун жарыялаган. Анын айтуусунда, Азербайжан жана Армениянын ТИМи Алматада жолугушуш керек – алар тынчтык келишимине тиешелүү сүйлөшүүлөрдү улантышат.
Майдын башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул сүйлөшүүлөр боюнча билдирүү жасаган, ал эми Ереванга жасаган иш сапарында казак президенти Казакстан сүйлөшүү үчүн аянт берүү жолу менен көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги тууралуу билдирүү жасаган.
Бирок бир нече жума мурда Арменияда кайрадан каршылык акциясы башталды – митингге чыккан адамдар Никол Пашиняндын отставкасын талап кылышкан. Каршылыктын себеби Армения жана Азербайжандын чек арасындагы маселелер болгон.



















