Абу-Дабиде өткөн Азербайжан менен Армениянын лидерлеринин жолугушуусунда өлкөлөр ортосундагы бардык талаш маселелер — тынчтык келишиминин түзүлүшүнө болгон тоскоолдуктардан тарта, Нахичеван экславын Азербайжандын негизги аймагы менен Армения аркылуу байланыштырган коридор маселеси да талкууланды. Бул тууралуу Азербайжандын APA маалымат агенттиги билдирди.
Жолугушуу төрт сааттан ашык созулду. Ал ар кандай форматтарда өттү: президенттер жеке өздөрү сүйлөшсө, андан тышкары тышкы иштер министрлери жана кеңешчилер да катышкан кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр болду.
Бул сүйлөшүүлөргө жаңы дем Бакунун Москва менен мамилесинин сууй түшүшү жана Түркия менен АКШ тараптан тынчтыкка колдоо көрсөтүлүшү менен берилди. Россия бул жолкусунда жараяндан четтеп калды, бирок буга чейин Армения менен Азербайжан ортосунда ортомчу болуп келген.
«Алар жолугушуп, негизги маселелерди талкуулашканынын өзү эле — маанилүү кадам», — деп жазды Карабах маселеси боюнча эксперт Олесия Вартанян Twitter’де.
Армения менен Азербайжандын бийликчил маалымат каражаттары бул жолугушууну аймак тарыхындагы бурулуш учур катары сыпаттап, тынчтык процессти үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган күчтөрдү — негизинен Москваны — сындашты. Россиянын ТИМи болсо Армения менен Азербайжандын мамилесин нормалдаштырууну расмий түрдө колдой турганын билдирип келет.
Эки өлкөнүн өзүндө бул нормалдашууну Россиянын Түштүк Кавказдагы таасирин чектөөнүн мүмкүнчүлүгү катары карашууда.
Москва 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин таасирин жоготуп баштаган. Бирок Баку менен Ереванда Кремль өз позициясын кайтарууга аракет кылаарын, айрыкча Украинада ок атышууну токтотуу мүмкүн болсо, муну пайдаланаарынан кооптонушат.

Тарыхый жолугушуу болдубу?
БАЭдеги жолугушуу Алиев менен Пашиняндын биринчи түз сүйлөшүүсү болду — буга чейин алардын ортосундагы баарлашуулар дайыма ортомчулардын катышуусунда же эл аралык саммиттерде гана болуп келген. Бул — бир нече жылдык дипломатиялык аракеттердин жыйынтыгы. Тынчтык келишиминин долбоору даяр, бирок али кол коюла элек. Аны эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери иштеп чыгышкан. Чек араларды тактоо боюнча жумушчу топторду вице-премьерлер жетектейт, ал эми эки лидердин кеңешчилери Армен Григорян менен Хикмет Гаджиевдин ортосунда түз байланыш бар.
Бирок бул жолугушуу Россиянын таасиринен чыгууну каалоо жетишсиз экенин дагы бир ирет көрсөттү — анткени көп жылдар бою уланып келген душмандык жана эки лидердин ортосундагы ишенимсиздик заматта жок боло калган жок. Позициялар жакындаганы менен, бул жолугушууда маанилүү бир маселе боюнча да чечим кабыл алынган жок — тынчтык келишимине качан жана кайда кол коюлары жөнүндө айтылган жок. Байланыш жолдорун ачуунун да мөөнөттөрү белгиленген жок.
Тынчтык процесси 2020-жылкы согуштагы жеңишинен кийин Азербайжан тарабынан демилгеленген. Бирок Армения дароо катышууга макул болгон эмес. Ереван Бакунун позициясын — жеңүүчүнүн утулган тарапка тынчтыкты таңуулоо аракети катары баалап, ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрдү туура көргөн. Ал ортомчу катары башында Россия болгон.
Бирок 2022-жылдагы Россиянын Украинага басып кирүүсү жана армян аймагына болгон чабуулдарда Москва бейтарап бойдон калган соң, Еревандагы мамиле өзгөрө баштаган.
Пашинян тынчтык келишимин түздөн-түз талкуулоого макул болгон — бирок ортомчулар Евробиримдик жана АКШ болуп алмашкан. Ошентсе да, маселе жылган эмес — сүйлөшүүлөр ортомчусуз, түздөн-түз өтө баштаганда гана жылыш пайда болгон.






















