Бүгүн, 28-март Ирандын борбор шаары Тегеранда жана өлкөнүн башка шаарларында палестиналыктарга тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнүн майрамдоо аземи башталып, ирандыктар Израил режиминин кылмыштарын айыптап, Палестинанын эзилген элине колдоо көрсөтүү үчүн көчөлөргө жөө жүрүшкө чыгышты.
Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары эзилген Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Хомейни дүйнө мусулмандарын жана ислам өкмөттөрүн бул күнү израилдик режимдин колун Палестина элинин жеринен тартуу үчүн сионисттик режимдин кылмыштарына каршы бирдиктүү демонстрацияга чыгууга чакырган.
Иран Ислам революциясынын негиздөөчүсү Аль-Кудс күнүн Исламдын кайра жаралуу күнү, эзилгендердин текеберлерге каршы турган күнү жана мусулмандардын Кудусту сактап калууга болгон чечкиндүүлүгүнүн күнү деп атаган.
Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, жүз миңдеген адамдардын катышуусунда Палестинаны колдогон, Израилди айптаган ири митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.
Быйылкы акцияда жылдагыдай эле жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинанын желектерин көтөрүп чыгып, Израиль менен анын колдоочусу АКШга каршы ураандарды чакырып, Тегеран университетиндеги жума намазы окулуучу жайды көздөй жөө жүрүш жасап баратышат.
Тегерандагы Аль-Кудс күнүнө арналган жөө жүрүштө эл алдында Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мухаммад Бакир Галибаф сөз сүйлөп, ал эми жума намазын Тегеран университетинде аятолла Сейед Ахмад Хатами жетектейт.


















