Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Пакистандын ортомчулук аракети: Асим Мунир Иран жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • Батыш Азия, Саясат, ТОП жаңылыктар
  • 25.08.2026 11:47

Loading

Пакистандын бийлиги Иран менен АКШнын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга кезектеги аракетин көрүүдө. Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы, фельдмаршал Асим Мунир 24-августта Тегеранга барып, Ирандын жогорку даражалуу жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пакистандын делегациясын Асим Мунир жетектеди. Аны өлкөнүн Ички иштер министри Сайед Мохсин Накви коштоп барды. Пакистан армиясынын маалыматына ылайык, бул сапар аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган Исламабаддын дипломатиялык аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Асим Мунирдин Тегеранга сапары Пакистандын аймакта «тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө» боюнча аракеттеринин уландысы экенин билдирди.

Тема боюнча

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026

Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келет. Бул ортомчулук аракеттеринде Асим Мунир жеке өзү да маанилүү роль аткарууда.

Бул Асим Мунирдин быйыл Иранга жасаган үчүнчү сапары болду. Ал биринчи жолу апрель айында, экинчи жолу май айында Иранга барган.

Ирандын Tasnim маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Асим Мунир Тегеранда Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи менен жолугушту.

Жолугушууда Мохсен Резаи АКШга болгон ишенимдин төмөн экенин белгилеп, Ормуз кысыгындагы коопсуздукту башкаруу Ирандын колунда экенин баса белгиледи. Анын айтымында, АКШ өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртүп, меморандумдун шарттарын ишке ашыруу жаатында практикалык кадамдарга барышы керек.

Өз кезегинде Асим Мунир Пакистандын “Исламабад меморандумуна” кол коюуга багытталган көптөгөн аракеттерин белгиледи. Ал Иран менен Пакистандын ортосундагы бир туугандык жана достук мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкөнүн чек араларындагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Пакистан да көптөгөн иштерди жүргүзүп келгенин айтты.

Мындан тышкары, Асим Мунир Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууда Галибаф АКШнын өз милдеттенмелерин аткарбай койгону аймактагы туруктуулукка тоскоолдук жаратканын белгиледи.

Анын айтымында, “Исламабад меморандумунда” тараптардын милдеттенмелери так көрсөтүлгөн. Бирок АКШнын өз милдеттенмелерин аткарбаганы аймакта туруктуулуктун орношуна тоскоол болуп, Вашингтонго болгон ишенимдин дагы төмөндөшүнө себеп болгон.

Галибаф АКШнын басымынан таасирленбей турганын билдирип, меморандумда каралган шарттардын аткарылышын уланта турганын белгилеп, келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткарышы керек болгон тарап АКШ экени баса белгиленди.

Асим Мунир өз кезегинде аймактагы туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерин улантарын билдирди.

Асим Мунирди Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да кабыл алды.

Пезешкиан өз сөзүндө Вашингтон Иран менен өз ара аракеттенүүдө колдонгон тонун жана мамилесин өзгөртүүгө тийиш экенин билдирди. Анын белгилешинче, күчкө жана коркутууга таянуу сүйлөшүүлөрдү жана практикалык процесстерди татаалдаштыргандан башка натыйжа бербейт.

Иран президенти өлкө эли биримдикке таянуу менен ар кандай басым жана коркутууларды жеңип өтөрүн билдирди.

Пезешкиан аймакта туруктуу тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле ислам өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты күчөтүү негизги зарылчылык экенин белгиледи.

Анын айтымында, Иран ислам өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер менен экономикалык, саясий жана коопсуздук тармактарында ар кандай кызматташтыкка жана өз ара аракеттенүүгө даяр.

Иран президенти ислам өлкөлөрүнүн биримдиги жана ынтымагы Израилдин жана ислам дүйнөсүнүн душмандарынын пландарына каршы эң маанилүү тоскоолдук болуп саналарын айтты. Анын белгилешинче, мындай жакындашуу жана биримдик ишке ашса, каршылаштар өздөрүнүн кара ниет максаттарын ишке ашыра албайт.

Пезешкиан Пакистандын дипломатиялык аракеттеринин натыйжасында аймакта жана жалпы ислам дүйнөсүндө өнүгүү жана туруктуулук болорун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Асим Мунир да жалпы максаттарды илгерилетүү жана комплекстүү келишимге жетишүү үчүн дипломатиялык процесстерди өтө кылдаттык менен талкуулап, ар тараптуу карап чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, Пакистан ортомчу жана көмөктөшүүчү ролун чечкиндүү түрдө улантат. Исламабад учурдагы кризистин аякташы аймакты калыбына келтирүүгө, өнүктүрүүгө жана жалпы коопсуздукту камсыз кылууга багытталган көп тараптуу кызматташтыктын жаңы этабынын башталышы болот деп эсептейт.

Асим Мунирдин Тегеранга бир күндүк сапары аяктагандан кийин Пакистандын армиясы сүйлөшүүлөрдү «абдан конструктивдүү» деп баалады.

Пакистандын армиясынын билдирүүсүндө Асим Мунир Ирандын жогорку даражалуу жетекчилери менен аймактык тынчтыкты камсыз кылуу, чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун кароо боюнча конструктивдүү консультацияларды өткөргөнү айтылды.

Пакистандын армиясы бул сапар АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү туңгуюктан чыгууга, туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн жолдорун издөөгө жана аймактагы туруксуздукту биротоло токтотууга багытталган Исламабаддын дипломатиялык аракеттеринин бир бөлүгү болгонун белгиледи.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Асим МунириранПакистан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.