Пакистанда конокторду ташыган үйлөнүү үлпөт автобусу дарыяга кулап, 22 адам каза болду. Бул тууралуу Dawn телеканалы куткаруу кызматынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.
«Шейшемби күнү Гилгит-Балтистандын Диамер районунда адамдарды ташыган автобус дарыяга кулап, 22 адам чөгүп кеткен. Автоунаа үйлөнүү үлпөтүнүн кортежинин бир бөлүгү болгон», — деп айтылат маалыматта.
Булактын айтымында, келин да автобустун ичинде болгон жана жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Куткаруучулар билдиргендей, дарыядан каза болгон 16 адамдын сөөгү чыгарылып, учурда калган адамдарды издөө иштери уланууда.
Президент Асиф Али Зардари каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.


















