Пакистан Индия менен болгон төрт күндүк катуу кагылышуудан кийин Нью-Дели менен макулдашылган ок атышпоо режимин карманарын билдирди. Ошол эле учурда Исламабад Нью-Делиден келген ар кандай агрессияга чечкиндүү жооп берерин белгиледи.
Ядролук державалар болгон коңшулар Индия менен Пакистан акыркы ондогон жылдардагы эң курч чыр-чатакты токтотуп, ок атышууну токтотууга макул болушкан.
Пакистандын реакциясы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин билдирүүсүнөн кийин болду, ал Исламабадды Нью-Дели мындан ары террордук чабуулдар боло турган болсо, “ядролук опузадан” коркпостон Пакистандын аймагындагы “террорчулардын баш калкалоочу жайларына” сокку урууга даяр экенин эскерткен.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Исламабад Модинин “чагымчыл жана катаал” сөздөрүн чечкиндүү түрдө четке кагарын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө мындай билдирүүлөр аймактык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн эл аралык аракеттер көрүлүп жаткан маалда «чыңалуунун коркунучтуу эскалациясын» билдирерин белгиледи.
Пакистан ок атышууну токтотуу келишимин карманарын жана Индиянын келечектеги агрессиясына катуу жооп кайтарууну убада кылуу менен деэскалация жана аймактык стабилдүүлүктү сактоо боюнча чараларды көрүүгө даяр экендигин дагы бир жолу кайталады.
Эске салсак, Индия менен Пакистандын мамилеси 22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында болгон террордук кол салуудан кийин курчуп кеткен. Анда куралчан адамдар туристтерге ок чыгарып, 26 киши набыт болуп, 17 киши жаракат алган. Индия чабуулчулар Пакистан менен байланышта деп айыптап, Пакистан менен чек ара бекетин жаап, Инд дарыясын пайдалануу боюнча келишимди токтотконун жарыялаган. Исламабад ага жооп ирээтинде Индия менен сооданы токтотуп, Индиянын бардык авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жапкан.
Индия кол салууга Пакистандын Кызматтар аралык чалгын кызматынын тиешеси бар деген далилдер бар экенин билдирген. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф айыптоону четке каккан.
7-майга караган түнү Индиянын Коргоо министрлиги Пахалгамдагы террордук чабуулга жооп иретинде Пакистандын аймагындагы “террордук инфраструктурага” сокку урган “Синдур” операциясын жүргүзгөнүн жарыялаган. Ислам республикасынын бийликтери өз кезегинде Индия Пакистандагы беш калктуу конушка сокку уруп, ондогон адамдардын өмүрүн алганын билдирген. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн бийликтери адекваттуу жооп берүүгө укуктуу экенин белгилеген.
Операция башталгандан берки төрт күндүн жыйынтыгы боюнча Индия менен Пакистан 10-майда кургакта, абада жана деңизде бардык аткылоолорду жана аскердик аракеттерди токтотууну макулдашкан.




















