Пакистан Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы жана Кургактагы аскерлер штабынын башчысы, фельдмаршал Сейед Асим Мунир Ирандын президенти Maсуд Пезешкиан менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы акыркы окуяларды жана тынчтыкты камсыз кылууга багытталган демилгелерди талкуулашты.
Жолугушууда Ирандын президенти Пакистанга диалогду өнүктүрүүдө, чыңалууну басаңдатууда жана аймакта туруктуулукту камсыз кылууда конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү ролу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле геосаясий көйгөйлөр күчөп жаткан шартта талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана аймактагы мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө багытындагы Пакистандын туруктуу аракеттерин жогору баалады.
Өз кезегинде фельдмаршал Сейед Асим Мунир Пакистандын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга болгон бекем берилгендигин дагы бир жолу ырастады.
Жолугушуунун соңунда эки тарап Пакистан менен Ирандын ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана бүтүндөй аймакта тынчтыкты, өнүгүүнү жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында эки тараптуу кеңешүүлөрдү улантууга болгон жалпы умтулуусун белгилешти.

















