Ушул жылдын 3-4-июнь күндөрү Ош шаарында “Салам Ош – 2025” аттуу II Эл аралык туризм көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Бул тууралуу Ош облусунун башчысынын орун басары Илияз Ташбаев жергиликтүү “УТРК Ош” телеканалына берген маегинде билдирди.
Иш-чарага 10дон ашуун өлкөдөн коноктор чакырылган. Анын алкагында жайкы туризм сезонунун расмий ачылышы белгиленет.
Көргөзмөнүн башкы максаты – Ош облусунун жаратылышын, тарыхый жайларын дүйнөлүк деңгээлде таанытуу жана туризмди өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын уюштуруучулары бардык кызыккандарды катышууга чакырат. Бул иш-чара өткөн жылы да уюштурулган.
Буга чейин Ошто ар жылы EXPO деп аталган Эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкеси да уюштурулуп келген. Анда жергиликтүү дыйкандар менен айыл чарба компаниялары заманбап техникалар, үрөндөр, жер семирткичтер жана агрардык жабдууларын көрсөтүп, тажрыйба жана байланыш алмашуу жүргүзүлүп турган.




















