Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын аялдар канатынын лидерлерин, мүчѳлѳрүн аныктоо багытында жүргүзүлгѳн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында “Самира” (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран террористик жана экстремисттик материалдарды таркаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча маалыматтык электрондук журналына катталып, аныктоо иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө: Самира социалдык тармактардан аял кишилердин кийим-кечелерин сатуу учурунда террористик жана экстреммисттик чакырыктарды (Нашида) жайгаштырып таратып жүргөндүгү аныкталды.
Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, изилдѳѳгѳ берилген материалдарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмуна мүнѳздүү материалдар экендиги такталган.
Кыргыз Республикасыныны Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү деп 21 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну С.А.,экендиги такталып, тергѳѳ кызматына алынып келинген.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.