Ош шаарында алыш күрөш боюнча өлкөнүн ачык биринчилик болуп өттү.
Бул мелдеш Кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулду.
Беттештерге облустардан келген 300дөн ашуун жаш спортчулар катышып, күч сынашты. Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Кыргызстанда спорт тармагынын башаты 1920-жылдардын башында түптөлүп, 1924-жылы өлкө аймагында алгачкы спорттук мелдештер өткөрүлө баштаган. Ошондон бери спорт коомчулук турмушунун маанилүү бөлүгү болуп, ар кандай эл аралык таймаштарда кыргыз спортчулары өз өлкөсүн таанытып келүүдө.
Айрыкча улуттук спорт түрлөрүнүн өнүгүшү акыркы жылдары өзгөчө көңүл борборунда. Алыш күрөшү, көк бөрү, ордо, тайган уруш сыяктуу оюндар кайрадан жанданып, жаштар арасында кеңири жайылууда. Бул мелдештер элдин руханий биримдигин бекемдеп, дени сак жашоого үндөгөн маанилүү демилгелер катары бааланууда.



















