Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 20 энеге “Баатыр эне” ордени, 14 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды.
Иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мэрия тарабынан ар бир айымга акчалай сыйлыктарды да берди.
Ош шаарында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин жалпы саны 567, алардын ичинен пенсия курагындагысы 483, эң жашы болсо 34 жашта. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелердин саны 185.

Кошумчалай кетсек, “Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, аларга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы болуп эсептелган бул наам 1996-жылдын 16-апрелинде «Кыргыз Республикасынын мимлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн.
1992-жылдан бери “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады.



















