Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО – 2023” Эл аралык көргөзмө-жарманкеси башталды.
Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.
Ага Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Өзбекстандын Соода өнөр жай палатасынын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты.
Иш-чара үч күнгө созулат. Анын алкагында «Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк» аталышында бизнес-форумду өткөрүү болжолдонууда.
Discussion about this post