27-февралда, Ош шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, шаардын бюджети кабыл алынды. Былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 114 пайыз өскөн калаа казынасы 2025-жылга 3 млрд 425 млн 313 миң сом деп бекитилди.
Ага шаардык кеңештин депутаттарынын 49у “макул” болуп добуш берди. Каршы болгон жок.
Эки күн башта калаа бюджетинин кайсы бөлүгү кайсы тармакка бөлүнгөнү тууралуу коомдук угуу болуп, бир катар сунуш-пикирлер айтылган.
Анда негизинен артыкчылык инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык тейлөө тармагына жана маданий иш-чараларга, билим берүү тармагына берилип жатканы сунушталган.
Шаардык бюджеттин акыркы 8 жылдагы өсүү темпи төмөндөгүчө болгон:
- 2018-жылы 940 млн. сом;
- 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом;
- 2020-жылы 1 млрд. 325 млн. 613 миң сом;
- 2021-жылы 1 млрд. 357 млн. 700 сом;
- 2022-жылы 1 млрд. 600 млн. сом;
- 2023-жылы 2 млрд. 509 млн 306 сом;
- 2024-жылга 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сом;
- Ал эми быйыл, 2025-жылы, 3 млрд 425 млн 313 миң сом деп бекиди.


















