Учурда Ош шаардык мэриясы калаадагы 4 миңдей бак-даракты кыйып жатышат. Бул иштердин натыйжасында жолдор кеңейип, жаңыдан 4 миңдей башка дарактар отургузулат дешүүдө. Бирок жергиликтүү бийликтин бул аракетине жарандык коомдун өкүлдөрү тургай, атайын адистер, экологдор үн каткан жок. Бир гана “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева дарактарды кыюуга уруксат берген шаардык кеңештин депутаттарынын чечимин сотко бергенин жарыялады. Биз, шаардык мэриянын дарактарды кыюу аракети боюнча суроо салып, дарактар боюнча адис, биология илимдеринин кандидаты Ысабек Аматовго микрофон сундук.
–Ысабек мырза, саламатсызбы? Ош шаарынын мэриясы калаадагы 4 миңге жакын бак-даракты кыя баштады. Жергиликтүү бийлик алардын эскилиги жеткенин айтып, ордуна клён, акация, чынар, терек сыяктуу 4 миңден ашык дарак отургузуу пландалып жатканын билдирди. Бирок кыюу башталганда таза, дени сак дарактар деле бар экени аныкталып жатат. Негизи, шаардагы дарактарды кыюуга негиз бар беле?
-Саламатчылык. Биринчиден, Ош шаарындагы 4 миңдей даракты кыюу үчүн экологиялык башкармалыктан уруксат алыш керек да. Андан соң ошол дарактардын санитардык абалы 100 пайыз начар болсо, кыйса болот. Бирок бул дарактардын баары эле 100 пайыз эскирип калган эмес, бирок 70 пайызы начар абалда болушу мүмкүн. Баарын тегиз кыйып салуу, менин оюмча, туура эмес.
Экинчиден, 4 миң даракты бир заматта кыйбай, жок дегенде 2-3 миңин кыюу керек эле. Анан ошол аралыктарга жаңы дарактарды отургузуп, бир-эки жылдан кийин дагы отургузса, андан кийин дагы улантса жакшы болмок. Элестеткиле, баарын эле бир күндө кыйып салса, шаар таптакыр бош калгандай болуп калат. Ошондуктан, дарактарды кезек-кезеги менен отургузуп, акырындап алмаштырган туура болмок.
–Мэрия 4 миңдей жаңы дарак отургузулат деп жатат. Бирок алардын өздөрүнүн эле анализи боюнча, отургузулган бак-дарактардын 20 пайызы өспөй калат экен. Эми, алар отургузган бак-дарактын 80 пайызы өскөн күндө да, алардын шаардын абасын тазалоого, көлөкө жаратууга жетиши үчүн канча убакыт керек?
-Менимче, 20 пайыз аздык кылат, 30-40% деле көктөбөй калышы мүмкүн. Себеби, отургузгандан кийин көзөмөл жок болот, ошондуктан алар толук өсүп кете албайт. Эгерде отургузулган дарактардын 50–60 пайызы эле өсүп берсе, бул да чоң жетишкендик болот. Бирок дарактар көлөкө берип, толук калыптануусу үчүн кеминде он жыл талап кылынат. Ал эми толук кандуу чоңоюшу үчүн жыйырма жылдай убакыт керек. Ага чейин шаардын үстү ачык бойдон кала берет.
–Жергиликтүү бийликтин дарактарды кыюу аракетине шаардыктардын көпчүлүгү унчуккан жок. Бир гана “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева, шаардык кеңештин депутаттарынын чечимин сотко берди. Шаарда ушунча көп сандагы дарак кыйылып жатса, экологдордун үнү угулбай жатканы таң калычтуу. Же бул кадам туура эле беле?
-Жеке мен 4 миң дарак кыйыларын эми угуп жатам. Балким, көп жарандар да муну билбесе керек. Сотко бергенин туура деп ойлойм. Себеби, дарактар кыйылып жатканын көпчүлүк экологдор, шаар тургундары билбей калышы мүмкүн. Бирок жалпы 4 миң даракты кыйып салыш – туура эмес чечим.
–Жаңыдан эгиле турган клён, акация, чынар теректер биздин экосистемабызга сиңишип кете алабы? Алар Ош шаарында жашап кете алабы? Ушул маселелер изилденгенби?
-Мэрия клён, акация эгебиз деп жатат. Клён менен чынар мурда эгилген. Бирок булардын кемчиликтери бар. Мисалы, клён шаардын таштандысын көбөйтөт, себеби анын жалбырактары түшкөнү менен күзүндө уругу жазга чейин жерде чачылып жатат. Бирок клёндун жакшы жери – ысык-суукка, газга туруктуулугу жогору.
Акациянын да уругу жазга чейин жерде калып, шаарды таштандыга айлантат. Чынардын жалбырактары да көп түшүп, тамыры асфальттын бетине чыгып, тегиз эмес жерлерди пайда кылат. Ооба, бул дарактар изилденген. Илгери Орусиядан алып келип отургузушкан. Бирок жогоруда айтылгандай, шаарга терс таасирин тийгизет.
Мисалы, Өзбекстандын Наманган менен Анжиян шаарларында башка түрлөрдү тигишкен. Алар дуб, каштан сыяктуу дарактарды эгишкен. Бул дарактардын жалбырактары күзүндө түшсө да, шаарды таштанды кылбайт. Биздин шартта деле дуб, каштан өсөт. Андан сырткары, жаңы бадал өсүмдүктөр бар, ошолорду алып келип отургузушса, шаарыбыз кышында да таза кармалып, жайкысын кооз болуп турмак.
Бир жылы шаардын жашылдандыруу чарба комбинаты адистерди чакырып, атайын чогулуш өткөргөндө биз можжевельник арчаларын эгүүнү сунуштаганбыз. Ал азыр шаарда өсүп жатат, бирок көлөкө бере албайт. Шаарды жашылдандыруу үчүн жазы жалбырактуу дарактарды отургузушубуз керек. Мисалы, дуб, каштан сыяктуу дарактар шаарды жайкысын көлөкө кылат. Арча менен карагай көлөкө бере албайт. Шаар тургундары көлөкөдө жүрүшү керек да, шаарды салкын кылыш үчүн туура дарактарды тандоо зарыл эле.
–Азыр кыйылып жаткан дарактардын экологияга тийгизген таасири кандай болот?
-Албетте, бул дарактар бир учурда кыйылса, экологияга терс таасирин тийгизет. Шаарда көлөкө жер калбайт, ысыктан улам эл көчөдө баса албай калат. Мисалы, жайында Монуев, Макаренко көчөлөрүнөн филармонияга чейинки дарактар кыйылбады беле, ал жолдон азыр бассаң, күндүн ысыгы бетти куйкалап жиберет. Бул нерсени жайында басып жүргөндөр жакшы түшүнөт. Экинчиден, шаардын жылдык температурасы жогорулайт. Дарактар температураны төмөндөтүп турган. Эгерде дарак канчалык азайса, кышында ыш көбөйөт.
–Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков




















