Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу билдиришти.
Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында, тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
642 турак үйгө суу кирген.
Ош шаары боюнча:
1 соцобьект (1 бала бакча);
146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.
Ал эми Президенттин маалыматтык саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбуктагы барагында төмөндөгүдөй маалымат таратты:
Саат 00:00 карата
Кыргыз-Чек айылы – 95 үйгө сел кирди 10 даана жеңил машина жеңил жабыркады, 15 үй-бүлө туугандарына көчүрүлдү, 2 оор техника тартылды. 1 мектеп 1 ооруканага сел суулары кирген. ЖК тарабынан 70 дөн ашык адам жумушка тартылды.
Асан-Чек айылында – 82 үйдү сел каптады 1 үй авариялык абалда 2 үйдүн сарайы кулады. 1 мектеп жана 1 музейге сел суулары кирген. ЖК тарабынан 60 адам жумушка тартылды.
Достук айылы – 85 үйгө суу кирди, 2 жеңил машина жеңил жабыркады, 1 үйдүн ашканасы көчүп түштү, 10 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирди, 2 оор техника тартылды, ЖК тарабынан 60дөн ашуун жумушчу ишке тартылды.
Майды айылы – 60 үйгө сел кирди, 2 оор техника жабыркады, 5 га айдоо аянты, 2 оор техника, 2 жеңил машина жабыркады. ЖК тарабынан 40 дөн ашык адам жумушка тартылды.
Социализм айылы- 15 үйгө сел кирди. ЖК тарабынан 30 дөн ашык адам жумушка тартылды.
Датка а/а Фуркат айылы 5 үйдүн короосуна, 1 оорукана, 1 балабакча, 1 мектепке сел суулары кирген.
Маданият айылы 20 га айдоо аянт, 1 көпүрө жабыркады, 1 эксковатор ЖК тарабынан тартылды.
Жалпы: 342 үйгө сел суулары кирген. ЖК тарабынан 260 адам тартылды.
Жабыркаган автоунаалар жалпы: 16 анын ичинен 10 жеңил жабыркаган, 4 жеңил автоунаа жабыркады, 2 оор автоунаа жабыркаган.
Айдоо аянты жалпы 25 га.
Ветеринардык кызматынын маалыматы боюнча:
Башбулак а/а
-Торгой булак айылынан 5 кой.
Мады а/а
-Достук айылынан1 кой.
-Кыргыз-Чек айылында 4 кой.
Жалпы: 10 кой сел сууларынан өлгөн.
Борбордук апараттан 3 куткаруучу, Ош обл башкармалыгынан 8 куткаруучу, ККББнана 4 куткаруучу, Мониторниг депортаменттен 6 куткаруучу, ДПЛПЧС 6 куткаруучу.
Кара-Суу ортко каршы болумунон 27 куткаруучу Торгой булак, Ачы айылдарына тазалоо иштерин жургузууну баштады;
Араван ортко каршу куткаруу болгунун 13 куткаруучусу Беш-Мойнок айылында куткаруу иштерин баштады;
Республикалык озунчо куткаруу отрядынын 20 куткаруучусу Кыргыз чек айылында тазалоо иштерин баштады;
Республикалык өзүнчө куткаруу отряды 60 куткаруучусу Асанчек айылында куткаруу иштерин баштады;
Республикалык өзүнчө куткаруу отряды 3- Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 20 куткаруучусу Асанчек айылында, 20 куткаруучусу Кыргыз-Чек айылында куткаруу иштерин баштады;
ГСС подполковник Мамаевдин башчылыгында 30 куткаруучу тартылып, райондук Курманжан Датка атындагы больницага тазалоо иштерине аткарууга киришти.
Өзгөн ОЧС 11 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.
Ноокат ОЧС 10 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.
Алай ОЧС 11 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.
Кара-Кулжа ОЧС 10 куткаруучу Баш-Булак а/ө Торгой-Булак айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.
Жалал-Абад облусу:
Башкармалыктан подполковник Шекегов Ч. башчылыгында 50 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.
Чоң-Алай районунан капитан Мурзабековдун башкармалыгында 14 куткаруучу.
ӨКМден жалпы 323 оздук курам тартылды.
Тартылган техникалар:
Саат 24:00 карата
– ӨКМден жалпы 22 атайын техника жана 11 инжинердик техника тартылды.
1 атайын техника Беш-Мойнок айылына жана 5 атайын техника Торгой Булак айылына;
Мындан сырткары 16 мотопомпа жана 3 орт очуруу техникалары тазалоо иштерин аткарууга тартылган.
– Жергиликтүү тургундар тарабынан Мады а/а 2 эксковатор, 1 эксковатор ЖК тарабынан Датка а/а Маданият айылы.

















