Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

 Ош облусунда С. Жапаровдун катышуусунда  Жаңы-Барак айылы ачылды

  • Коом
  • 15.11.2024 17:38

Loading

default

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы айыл тургундары менен саламдашып, бүгүн кыргыз эли, жаңы айылдын тургундары, ал үчүн дагы – баардыгы үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айтты.

Садыр Жапаров жаңы айылдын түптөлүшү Кыргызстан үчүн символикалуу көрүнүш экенин баса белгиледи. Буга чейин башка өлкөнүн аймагында эксклав болуп калган аймакта күн кечирген кыргызстандыктар өз тарыхынын жаңы барагын ачып, жаңы турмуш баштоонун алдында турат. Ал жаңы үйлөрдө жаңы үмүттөр менен жаңы жашоого кадам таштап, эң башкысы Кыргызстан аймагында түтүн булаткан жарандарыбыз үчүн сүйүнүп турганын жашырган жок.

Тема боюнча

Ош облусуна Ирандын Хорасан Резави облусунан чоң делегация келди. Сүрөт

Ош облусуна Ирандын Хорасан Резави облусунан чоң делегация келди. Сүрөт

11.11.2025

Президент Жаңы-Барак айылынын курулушу менен мамлекеттин жаркын келечегине, бүтүндүгүнө бекем ишеним курулганын айтып өттү. Ал жаңы айылдын түптөлүшү – бул биздин коомчулугубуздун бийик дымагынын, мекенчилдик сезиминин жана ар тараптуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.

Президент Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Дөбө районунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салды. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары кыйын кырдаалдарды баштан кечиришкен: өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырым жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон.

1 of 9
- +

1.

2. default

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүү менен айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын айтып берди. 2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоого милдеттенсе, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган. Ошол макулдашуунун жыйынтыгында жалпы жонунан 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, ал жерге Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы бул макулдашуу коңшу мамлекет менен достук жана боордоштук мамилелерге негизделген тышкы саясаттын туура нукта баратканынын белгиси экенин баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө жаңы айылдагы жасалган инфраструктуралык иштерге басым жасады: 101 турак үй курулуп, жер астынан таза суу чыгарылып берилди, көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылып, электр кубаты жетип олтурат. Жаңы-Барак айылында социалдык объектилер: бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил багы, мечит, футбол талаасы, жашылдандыруу эске алынган. Келерки жылкы түшүмдүн камын көрүү максатында айдоо аянтчалары бөлүнүп, учурда 50 гектар жерге дыйкандар күздүк буудайын сээп алышты, бул болсо айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жол ачат.

“Түмөн түйшүк көйгөйлөргө карабай, киндик кан тамган жерин таштап кетпей, ушул кезге чейин “Сабырдын түбү сары алтын” деп туруктуу жашап келген сиздер менен жалпы кыргызстандыктар сыймыктанабыз. Себеби дал ушул Барак айылы менен Кыргызстан бүтүн болуп келген. Эми минтип баарыбыздын бир кездеги кыялдарыбыз орундалып, сиздер жаңы конуштуу болуп олтурасыздар”, – деп Президент, Жаңы-Барак айылынын тургундарына кайрылып айтты.

Ал ушул жылдын 6-май күнү Жаңы-Барак айылынын курулушу башталганын, 7 ай өтпөй анын жашоочулары заманбап, бардык шарттары бар турак жайлуу болгонун белгиледи. Бул айылдын түптөлүшү айыл тургундары үчүн гана эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да маанилүү кадам экенин айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров бул айылда көп кабаттуу үй куруу каралганын, кийин Жаңы-Барак айылынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин белгиледи.

Президент быйыл эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатканына токтолду. Бул тарыхый окуя Жаңы-Барак айылынын түптөлүшү менен дал келгенин айтып, бул жакшы жышаан – жаңы Кыргызстанды курууга бет алган маалда Жаңы-Барак айылы ийгиликтин, өнүгүүнүн символу болоруна үмүт артарын билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга да чакырып, бул саясий иш-чараны өлкөнүн алдыга жылышындагы маанилүүлүгүн жана ар биринин жарандык позициясын билдирип, коомдун турмушун жакшыртууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын аягында Президент Садыр Жапаров Жаңы-Барактын тургундарына жаркын жана кең келечек каалап, жаңы конуш жаңы башталыштын, жаңы үмүт менен жаңы кыялдардын айылы болушун тилек кылды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: анклавЖаңы-Барак айылыОш облусу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

С. Жапаров «Медимпекс» медициналык буюмдарды чыгаруучу компаниянын иши менен таанышты

С. Жапаров «Медимпекс» медициналык буюмдарды чыгаруучу компаниянын иши менен таанышты

13.04.2026
Ош облусуна Ирандын Хорасан Резави облусунан чоң делегация келди. Сүрөт

Ош облусуна Ирандын Хорасан Резави облусунан чоң делегация келди. Сүрөт

11.11.2025
Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди. Сүрөт

Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди. Сүрөт

22.09.2025
Ош облусундагы мечиттерге жүздү тааный турган видеокамералар орнотулат

Ош облусундагы мечиттерге жүздү тааный турган видеокамералар орнотулат

07.08.2025
Ош облусунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Ош облусунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

23.08.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.