Бүгүн, 18-августа Ош шаарындагы Амир-Темир кичи шаарчасында жергиликтүү активисттердин, дин өкүлдөрүнүн жана тургундарынын катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйында катышкан жергиликтүү жашоочулардын бардыгы бир ооздон кечээ күнү «Тик-Ток» аркылуу коӊшу мамлекеттин өлкө башчысына кайрылган жердешинин жоругун туура эмес деп белгилешип, өз ой-пикирлерин айтып өтүштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын бири, жергиликтүү аксакал жашоочу: «Бул провокатор, эл бузар, журт бузар. Элдерибиз эми кайрадан ынтымакта жашап келе жатканда мындай сөздөрдү айтуу туура эмес. Бүтүндөй кичи шаарчабызды элге жаман көрсөттү. Өзүбүздүн шаардын, өлкөнүн жетекчилиги турганда коӊшу мамлекеттин жетекчисине арыздануунун эмне зарылчылыгы бар? Жаш адам болсо бир жөн. Бүтүндөй жашоочулар жаман көрүп жатышат. Мындай адамдын жакшылыгына дагы, жамандыгына дагы барбайбыз!» деди. Жашоочулар мыйзам чегинде жаза берүүнү колдой тургандыктарын айтышты.
Жергиликтүү эл менен өткөн жыйынга Ош ШИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишов, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Бакыт Матисаков , Амир-Темир аймактык кеӊешинин төрагасы Мухаммадамин Канатов, аймактын имамы катышышты.
Белгилей кетүүчү жагдай, 17-августта Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну «Тик-Ток» социалдык тармагы аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге видео кайрылуу жасап, шаарга келүүсүн суранган. Видео социалдык тармактарга жарыяланган.
«Менин урматтуу Шавкат Миромоновичке өтүнүчүм бар. Ошко келишиңизди суранабыз. Жүрөгүбүзгө толуп кетти. Ачыгын айтсам, айласыздыктан. Он-Адырга келип, тарыхта кала турган нерсени жасасаңыз жакшы болмок. Бардыгын ачык айтмакпыз. Бизге кам көрүшпөйт, документтер, жолдор каралбайт. Улутчулдук чектен ашып кетти. Мүмкүн бул жөнүндө билесиз. Документтерге атайын ката жазышат. Бизди шылдыңдашат. Азыркы күндөрдө ушундай болуп жатат», — деген түштүк борбор калаанын тургуну.


























