Орус мектепте окугусу келген мигрант бала сынактан өтпөй калса, ал кайрадан курстарга барып даярдангандан кийин экинчи жолу сынакка катышса болот. Эгер бул аракеттен да майнап чыкпаса, Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлиги ата-энелерге өз милдеттерин аткарбаганы үчүн чара көрүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Рособрнадзордун жетекчиси Анзор Музаев Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумдун алкагында билдиргендигин РИА Новости агенттиги жазды.
Анын айтымында, эгер бала экзаменден өтпөй калса, ата-энелер үч ай өз каражатына кошумча окууну уюштурушу керек. Курстарды таап, баланы кайрадан даярдоосу зарыл. Бул учурда Ички иштер министрлиги билим берүү мекемелеринен маалымат алып, ата-энелердин аракеттерин көзөмөлгө алышы керек.
Анзор Музаев жоопкерчилик балдардын өзүнө эмес, алардын даярдыгын камсыздоого милдеттүү болгон чоңдорго жүктөлөрүн баса белгиледи.
«Ата-энелер тарабынан аракетсиздик болгон учурда укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшү мүмкүн»,- деди ал.
Ошентип, мектеп менен Ички иштер министрлигинин өз ара аракеттенүүсү аркылуу мигранттардын балдарын тилге интеграциялоо боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлөт.
Мекеменин буга чейинки расмий маалыматына ылайык, 2026-2027- окуу жылдарына карата чет өлкөлүк жарандардын балдарын мектепке киргизүү үчүн жалпысынан 1800гө жакын арыз түшүп, анын ичинен процедурага 335 бала гана кабыл алынган. Башкача айтканда орус тили боюнча сынактан чет өлкөлүк балдардын 19 %ы өтүп, калган 81%ы өтпөй калган.
Жүргүзүлгөн мониторингдун негизинде, чет элдик балдардын мектепке кирбей калышынын себептери документтердин толук эмес топтому, мектептерде бош орундардын жоктугу жана берилген документтерде жалган маалыматтардын аныкталгандыгы.
Эске салсак, Орусияда 1-апрелден тарта мигранттардын балдары окуу жайга кабыл алынганга чейин орус тилин билүү деңгээлин текшерүүдөн өтө баштаган. Аларды орус мектептерине кабыл алууда жалпы билим берүү программаларында белгиленген минимумду билиши керек.


















