1-августта Россия Федерациясы менен Батыштын ортосунда кансыз согуштан берки эң ири туткун алмашуу болду. Ага жети өлкөнүн – Орусия, Беларусь, Словения, АКШ, Германия, Польша жана Норвегиянын абактарынан 26 адам катышты.
Абактагыларды өткөрүп берүү процедурасы Түркиянын борбору Анкарада өттү. Бошотулгандардын 10у Орусияга кеткен. Аларды аэропорттон Владимир Путин өзү тосуп алып, сыйлыктарга көрсөтүүгө убада берди. Атап айтканда, Вадим Красиков, Роман Селезнев, Артем жана Анна Дульцев жана Павел Рубцовдор Россия Федерациясына кайтып келишти.
Мындан тышкары, ЖМКлардын маалыматы боюнча, 13 адам Германияга, үчөө АКШга кеткен: журналист Эван Гершкович, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан жана Алсу Курмашева Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн соттолгон. Келишимге Беларуста мунапыс берилген Рико Кригер да кирген.
АКШ президенти Жо Байден Орусияда негизсиз кармалган 16 киши сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бошотулганын айтып, муну дипломатиялык эрдик деп атады.
Алар, Байден билдиргендей, үч америкалык жаран жана америкалык грин-картага ээ бир жаран – Пол Уилан, Эван Гершкович, Алсу Курмашева жана Владимир Кара-Мурза.
“Биз жалпысынан Орусиядан 16 адамды бошотууну макулдаштык, алардын бешөө Германиянын жараны, жетөө өз өлкөсүндө саясий туткунга айланган Орусия жараны”, – деди Байден жана сүйлөшүүгө Германия, Польша, Словения, Норвегия, Түркия катышканын айтып, аларга рахматын билдирди.
Орусия кайсы жарандарын кайтарып алганы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн орус абактарынан бошотулгандар боюнча:
«Биздин душмандарыбыздын баары [чет жакта] кала бериши керек деп эсептейм, ал эми бизге душман эместердин баары кайтып келиши керек. Бул менин пикирим», — деп айтканын ТАСС жазды.
Түркиянын Улуттук чалгын мекемеси 1-августтагы билдирүүсүндө абактагыларды айырбаштоодо «маанилүү ортомчулук роль» ойногонун маалымдады. Мекеме билдиргендей, жети өлкөдө (АКШ, Германия, Польша, Норвегия, Словения, Орусия жана Беларус) абакта отурган жалпысынан 26 киши айырбашталды. Алардын 10у, анын ичинде жашы жете элек экөө Орусияга, 13ү Германияга, үчөө АКШга өткөрүлүп берилди. Айырбаштоо Анкара шаарында өттү.


















